Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №19-7

 

“Кызыл-Туу айыл аймагында биотермикалык чуңкур “”яма Беккари”

куруу жөнундө”

           

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,13,15,25,26,30,31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/259 16-апрель 2024-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын Осумбек булак участкасын №93 контурундагы 0,4 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлери” түрүнөн “Айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлери” түрүнө которулгандан кийин, жер аянтына биотермикалык чуңкурун “яма Беккари” куруу үчүн макулдук берилсин.

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтом www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т.Джороев