ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/3
Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын (кой, эчки) мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелерин бекитүү бюнча №4150 Чолпон шайлоо округунан депутат Чолпонкул уулу Нурадилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын (кой, эчки) мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелери, айдоо аянттарды жана үлүш жерлерди коруу, корук уюштурулган жерлерди коруу, корукчулар менен тыгыз иштөө максатында төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери бекитилсин:
-3 уйдан ашык алып калууга чектөө киргизилсин;
-Майда мал жандыктарды (кой, эчки) айылдарда алып калууга тыюу салынсын;
-1 миңгич аттан башка жылкыларды алып калууга чектөө киргизилсин.
Ашыкча бодо малдарды жана майда мал жандыктарды (кой, эчки) алып калууда төмөндөгүдөй айып пулдар салынсын:
-1 бодо малга 1000 сом;
-Майда мал жандыктарга (кой, эчки) 100 сом;
Айдоо аянттарга, үлүш жерлерге бодо малдарды жана майда мал жандыктарды (кой, эчки) жайса же болбосо аркандаса:
-1 бодо малга 1500 сом;
-Майда мал жандыктарга (кой, эчки) 250 сом өлчөмүндө айып пулдар салынсын.
Айдоо аянттардагы, үлүш жерлердеги эгиндерди, чөп чабындыларды бодо малдар жана майда мал жандыктары (кой, эчки) тебелеп, жеп жараксыз абалга келтирсе, дыйкандын бир жылдык түшүмүнүн жарымын төлөп берүү жагы мал ээлерине эскертилсин.
Мезгилдүүлүгү 25-апрелден 1-октябрга чейин белгиленсин.
Ар бир айылдын айыл башчылары жогорудагы ички тартип эрежелерин айыл элдери менен бирдикте сактасын.
2. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, Айыл башчылар, корукчулар жогорудагы ички тартип эрежелерин биргеликте камсыздашсын.
4. Жогорудагы ички тартип эрежелери бузулган учурда көзөмөлгө алып, айып пул салуу, жеринде барып дыйкандын чыгымын тактоо иштери убактылуу комиссия төмөндөгүдөй таризде түзүлүп айып пулдары салынсын. (Айыл башчы, айылдык кеңештин депутаты, аксакалдар соту, муниципалдык ишкана кызматкерлери ж.б)
3. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет, аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |