Редакцияот 17.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 17-августу № 3-1

Кызыл-Капчыгай айылындагы эски мектептин жер аянтынан 0,10 га жер аянттын ФАП куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 12-августундагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.Жерге-Тал айыл аймагынынын Кызыл-Капчыгай айылындагы эски мектептин жер аянттынан 0,10 га жер аянтты ФАП куруу үчүн  макулдук берилсин.

2.Бөлүнүп берилген жер аянттын мыйзамдуу иш алып баруу жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Мураталиев