ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 13-сентябры № 4-1
“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жана “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнө, социалдык-маданий жана башка объектилерине даректерди ыйгаруу жана өзгөртүү жөнүндө” жоболорду бекитүү жөнүндө
“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүүнүн жана кыймылсыз мүлк объектилерине даректерди ыйгаруунун тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Рекспубликасынын 2014-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү” №610 токтомуна жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
-“Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө жобо;
- Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнө, социалдык маданий жана башка объектилерине даректерди ыйгаруу жөнүндө жобо.
2.Жерге-Тал айыл өкмөтүнө, өз убактысында даректерди каттоого алуу жана тиешелүү документтик материалдарга тактоо, өзгөртүү жүргүзүп туруу жагы жүктөлсүн.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |