ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 13-сентябры № 4-4
Жерге-Тал айылындагы Жаштар-6 көчөсүнө тарыхый инсан Кожомберди уулу Сартайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылындагы Жаштар-6 көчөсүнө тарыхый инсан Кожомберди уулу Сартайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 6-сентябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айылындагы Жаштар-6 көчөсүнө тарыхый инсан Кожомберди уулу Сартайдын ысмы берилсин жана ал көчө “Кожомберди уулу Сартай атындагы көчө” деп аталсын.
2.Жерге-Тал айыл өкмөтү көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3.Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Жерге-Тал айыл өкмөтү менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4.Жерге-Тал айыл өкмөтү токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
5. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |