Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун
(криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин
тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин
жүргүзүү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 , 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 28, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасындагы Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) ишине коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши лицензиялануучу болуп саналат жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестринде мамлекеттик катталууга тийиш. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорун (криптобиржаларды) мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Бенефициардык ээси – соңку эсепте (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) жеке менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдердин тооругунун операторун (криптобиржаны) контролдогон жеке жак (жеке жактар) же анын атынан же болбосо анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) жасалган жеке жак;
кардар – тейлөөгө кабыл алынган же виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) тейлөөдө турган же болбосо виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ишкер мамиле түзүп жаткан же буга чейин түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык бирикме;
проценттик скоринг – аны менен жүргүзүлгөн операцияларга жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге колдонуу ыктымалдыгы менен байланышкан башка факторлорго талдоо жүргүзүүгө негизделген виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо;
клиринг - өз ара милдеттенмелерди аныктоо (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматтарды топтоо, салыштыруу, түзөтүү) жана аларды виртуалдык активдерди жеткирүү боюнча чегерүү жана алар боюнча эсептешүү операцияларынын комплекси;
виртуалдык активдерге бааларды манипуляциялоо - виртуалдык активдерге болгон суроо-талаптарга жана (же) сунуштарга, рыноктук шарттарда түзүлүүчү деңгээлге салыштырмалуу виртуалдык активдерге бааларды жасалма жогорулатуу же төмөндөтүү максатында виртуалдык активдердин рыноктук баасына же виртуалдык активдердин тооругунун көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизүүчү аракеттерди жасоо;
эсептешүү банкы - тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында же анын юрисдикциясынан тышкары иш жүргүзгөн, бирок турган өлкөнүн тиешелүү лицензиясына ээ коммерциялык банк;
виртуалдык активдердин тооругу - виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук аянтчасында виртуалдык активдер менен сатуу-сатып алуу бүтүмдөрүн жасоо процесстери;
виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) тооругунун катышуучулары - виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан виртуалдык активдердин тооругуна жол берилген кардарлар;
ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) электрондук аянтчасы - маалыматтык система, анын алкагында төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- виртуалдык активдердин тооругуна катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу, контролдоо жана каттоо;
- виртуалдык активдерди сатып алууга, сатууга жана (же) алмашууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу, контролдоо жана каттоо;