ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 10
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебине трансформатордон от жагуучу жерге (котельныйга) электр чубалгыларын тартуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебине трансформатордон от жагуучу жерге (котельныйга) электр чубалгыларын тартуу максатында,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебине от жагуучу жерге (котельныйга) трансформатордон электр чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 103 7000 (бир жүз үч миң жети жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов20 |