Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 23-сессиясы

 

2023-жыл 24-ноябры №2

 

Момбеков айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылын айыл категориясынан чыгаруу жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө Жобого ылайык, 1996-жылы айыл өкмөтү уюшулгандан бери Көк-Таш айылы Ноокен райондук статистика бөлүмү тарабынан 41703215840050 СОАТЕси менен катталып келген. Айыл өкмөтү тарабынан 2010-жылы Көк-Таш айылынын жашоочуларын жеринде тактоо үчүн комиссия түзүлүп, ал жерде 4 турак жайда 3 атуул жашагандыгы, жашоочулардын жашаган жери боюнча каттоосу Майлуу-Суу шааарынын Көк-Таш аймактык башкармалыгына  катталгандыгы жана бул жашоочулар кандай гана маселелери болбосун Көк-Таш аймактык башкармалыгы тарабынан чечилгендиги такталган. Тактап айткан  аталган айылдын жери, эли да Момбеков айыл аймагына карабагандыгына байланыштуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 13-ноябрындагы № 234 сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан тактоо жүргүзүлүп, Көк-Таш айылын айыл категориясынан чыгаруу максатында айыл өкмөт башчысынын  сунушун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын 23-сессиясы токтом кылат:

1. Ноокен райондук статистика бөлүмү тарабынан 41703215840050 СОАТЕси менен катталып келген Көк-Таш айылында жашаган калктын  жашаган жери боюнча каттоосу Майлуу-Суу шааарынын Көк-Таш аймактык башкармалыгына катталгандыгына байланыштуу Көк-Таш айылын айыл категориясынан чыгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн  сунушу эске алынсын.

2. Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук статистика бөлүмү тарабынан 41703215840050 СОАТЕси менен катталып турган Көк-Таш айылы айыл категориясынан жана 41703215840050 СОАТЕ кодунда айыл жок деп эсептелип, мамлекеттик каттоодон, бардык отчеттуулуктан чыгарылсын.

3. Тиешелүү иш кагаздары Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы К. Абдыжапаровго жүктөлсүн.

Момбекова айылдык кеңешинин

 төрагасы:

  

И.Абдыразак уулу