Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн
сертификаттарды каттоо жана берүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 16-беренелерине ылайык, майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан майнерлерди каттоонун жана сертификаттарды берүүнүн тартибин аныктоо максатында иштелип чыккан.
Ушул Тартипте ошондой эле майнингди жүзөгө ашыруу боюнча ишке жана майнингди жүзөгө ашыруучу субъекттерге (майнерлерге) коюлуучу талаптар белгиленет.
2. Ушул Тартиптин алкагында төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
арыз ээси - ушул Тартипке ылайык электрондук түрдөгү сертификатты (QR-коду менен) аралыктан каттоо жана алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен Интернет тармагы аркылуу электрондук түрдө каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылган юридикалык жак/жеке ишкер;
Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасы – транзакциялардын блогун биргелешип түзүү жана берилген эсептөө ресурстарына ылайык сыйлыктарды бөлүштүрүү максатында виртуалдык активдердин майнинги боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин эсептөө кубаттуулуктарын бириктирүүгө арналган маалыматтык-технологиялык платформа;
Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу – виртуалдык активдердин майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырган, белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн эсептөө кубаттуулуктарын Бирдиктүү коллективдик майнинг мамлекеттик системасына кошкон субъект;
жеке кабинет – Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасындагы персоналдаштырылган маалыматтык бөлүм, ага кирүү электрондук санариптик колтамга менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик жана муниципалдык административдик имараттардын аймагында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык имараттардын жана курулмалардын электр жана жылуулук тармактарына уруксатсыз туташтыруу аркылуу майнингди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында майнинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияланган виртуалдык активдердин тооругунун операторунун платформасында милдеттүү баштапкы жайгаштырылууга жана сатылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өнөр жай майнингин жүзөгө ашырган юридикалык жактын акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына жана жеке майнингди жүзөгө ашырган жеке ишкерлерге карата коюлуучу талаптар
4. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттер/резидент эместер юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло алышат.
Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары жөнүндө маалыматтар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.