ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 15
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш, С.Мырзалиев жана Ынтымак көчөлөрүнө суу чыгарууга скважина каздыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш, С.Мырзалиев жана Ынтымак көчөлөрүнө суу чыгарууга скважина каздыруужөнүндө жергиликтүү тургундардынкайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Болуш, С.Мырзалиев жана Ынтымак көчөлөрүнө суу чыгарууга скважина каздырууүчүн “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун 2021-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен 760 817 (жети жүз алтымыш миң сегиз жүз он жети) сом акча каражаты жеке ишкер Омошов Султаналы Атакуловичке которулуп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |