САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II отуруму
2021-жылдын 11-июну № 2/1
Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө
Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу мыйзамдуу деп табылсын.
2.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 49-беренесинин 4-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн жана Сары-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-июнундагы II сессиясынын 2/1 Токтомунун негизинде Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп эсептелсин жана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон М.Тынчыбек уулу шайланды деп белгиленсин.
Төрага | Сейдали уулу Т. |