Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 11-августу № 11

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Тамчы участкасына электр энергиясынын чубалгыларын тартуу жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы Д.Нарматовдун Тамчы участкасына 3 км жерге электр чубалгыларын тартуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.            Терек-Сай айыл аймагына караштууКызыл-Токой айылындагы Тамчы участкасына 3 км жерге электр энергиясынын чубалгыларын тартуу  үчүн 2021-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен 820 000 (сегиз жүз жыйырма миң) сом акча каражаты эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов