ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 10
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылына таза суу чыгаруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жашаган жергиликтүү тургундар тарабынан түшкөн кайрылууну карап жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштууАк-Терек айылына скважинадан таза суу тартып чыгаруу үчүн 2021-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен 1 383 320 ( бир миллион үч жүз сексен үч миң үч жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |