Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I уюштуруу отуруму

 

2021-жылдын 14-май № 1/3

Сары-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Сары-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын № 3 Сары-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча, өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, Сары-Таш  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын № 3 Сары-Таш айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүү менен шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү  протоколу бекитилсин.

2. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сары-Таш айылдык кеңешинин жалпы 11 депутаттарынын ичинен 7 (жети) депутаттын добушун алган Сары-Таш айылдык кеңешинин депутаты Сейдали уулу Тариел  айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп табылсын.

Төрагалык кылуучу

А.А. Коргонбаева