Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I уюштуруу отуруму

 

2021-жылдын 14-май № 1

 

Сары-Таш айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө

 

 

Сары-Таш  айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна каршы келбегендей Сары-Таш айылдык кеңешинин  регламентин толук талкуулоонун  негизинде Сары-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сары-Таш  айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын (регламент толук тиркелет).

2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги  белгиленсин.

3. Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы кеңештин жооптуу катчы Б.А.Алимбековага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу Сары-Таш  айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

 

Төрагалык кылуучу

А.А. Коргонбаева

 

Сары-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги 1- отурумунун ( жетинчи шайланган) 2021-жылдын 14-майындагы № 1/2 токтому менен бекитилген

(2021 -жылдын 14-майындагы Сары-Таш  айылдык кеңешинин VII чакырылышынын № 1/2 токтому менен Сары-Таш айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы)

 

 

 САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ  РЕГЛАМЕНТИ

 

I-БӨЛҮК

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава

Айылдык  кеңеши

2-Глава

Айылдык  кеңешинин компетенциясы

П   БӨЛҮК

3-Глава

Айылдык  кенешинин төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары

3-1 глава

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби

4-Глава

Айылдык  кеңешинин катчысы

5-Глава

Айылдык  кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 III БӨЛҮК

Айылдык  кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби

6-Глава

Айылдык  кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби

7-Глава

Айылдык  кенешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби

IV  БӨЛҮК

Айылдык  кеңешинин Регламенти

8-Глава

Айылдык   кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби

 

Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (15.07.2011-жыл № 101, 30.11.2011-жыл №228, 17.03.2012-жыл №20, 19.06.2012-жыл, 03.08.2012-жыл №149, 10.08.2012-жыл №164) жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык  кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.

 

 

1.     БӨЛҮК

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Айылдык кеңеш

 

1.1. Айылдык  кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

1.2. Айылдык  кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. 

1.3. Айылдык   кеңеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүүаймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.

1.4. Айылдык кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

1.5. Айылдык  кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат.

 

2-Глава

Айылдык  кеңешинин компетенциясы

 

2.1.Айылдык   кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун  тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,

ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү  жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы  жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты

социалдык жактан коргоонун  программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилидиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5)  Жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун  тартибин аныктоо, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештируу программасын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу;

6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органын  иши жөнүндө отчетту угуу;

7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9) Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү  максатында администрациялык – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

10) Айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;

11) Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

12) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү

өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

14)Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык үчүн тарифтерди бекитүү;

15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; 16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

17) жергиликтүү жамааттын уставына жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;

18)Айылдык округдун башчысын шайлоо;

19)Айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу