ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 8
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында 2 км (автоунаа жол) жерге асфальт төшөө үчүн долбоор түзүү (топо сьемкасы менен) жана жер кыртышын изилдөөгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында 2 км (автоунаа жол) жерге асфальт төшөө үчүн долбоор түзүү (топо сьемкасы менен) жана жер кыртышын изилдөө максатында, Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы Д.Нарматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылында 2 км жерге асфальт төшөө үчүн долбоор түзүү (топо сьемкасы менен) жана жер кыртышын изилдөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |