Редакцияот 20.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 20-октябры № 5

Автоунаа жолун баланска алуу   жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагы аркылуу  өткөн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 15,5-31,5 км, 36,5-38,0 км, жалпы 17,5 км чакырымдарына асфальт төшөө үчүн№17 жол тейлөө ишканасынан Терек-Сай  айыл өкмөтүнүн  балансына алуу боюнча талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.               Терек-Сай айыл аймагынын  жолдорду асфальттоо  боюнча  кайрылуусу эске  алынсын.

2. Терек-Сай айыл  аймагы  аркылуу өткөн  №17  жол тейлөө  ишканасына  тиешелүү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка  автоунаа жолунун 15,5-31,5 км, 36,5-38,0 км, жалпы 17,5 км  чакырымдарына  асфальт төшөө  иштерин  жүргүзүү үчүн Терек-Сай  айыл аймагынын  балансына өткөрүп  алууга  уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика жана  финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов