ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 2
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Тузашуу” участкасынан чачыранды алтын кенин казуу үчүн изилдөө иштерин жүргүзүүгө “Линия Права Уран” ЖЧКна уруксат берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Тузашуу” участкасынан чачыранды алтын кенин казуу үчүн изилдөө иштерин жүргүзүүгө “Линия Права Уран” ЖЧКнун директору И.Жумалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Тузашуу” участкасынан №5493 АР жана №5492 АР лицензиясына ылайык, алтын кенин казуу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө “Линия Права Уран” ЖЧКна координатта көрсөтүлгөн тактап айтканда, Терек-Сай айыл аймагына тиешелүү жер аянтына уруксат берилсин.
2. “Линия Права Уран” ЖЧКна чачыранды алтын кенин изилдөө иштерин жүргүзүүдө, экологиялык талаптарды сактоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча, ошондой эле экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |