Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIIIкезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 27-сентябры № 13

Терек-Сай  айыл аймагындагы аз камсыз  болгон үй –бүлөлөргө  турак-жай салып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары М.А Рысбековдун Терек-сай айыл аймагында турмуш шарты оор, аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөр, жарым жана томолой жетимдер, жалгыз бой ата-энелер жана жесирлер, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кароосуз калган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКму менен биргеликте 2021-жылга тузүлгөн меморандумдун эсебинен 2021-жылдын эсебинен муктаж болгон үй-бүлөгө  1000,0 млн   (бир миллион) сомдук турак-жай салып берүү жөнүндөгү  кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII  сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.              Терек-Сай айыл аймагына караштуу  калктуу конушта  жашаган  турмуш шарты оор, аз камсыз болгон ж.б. үй-бүлөргө  2 үй-бүлөгө турак-жай салууга 500,0 мин (беш жүз мин) сом , жалпы 1000,0млн (бир миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.              Бул токтомдун аткарылышы  Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн. .

3.              Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин  экономика жана финансы маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.              Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов