Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/6

 

Чолпон айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн жер астынан түтүкчөлөрдү алып өтүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Чолпон айылын сугат суу менен камсыз кылуу максатында, Орток айылынын дринажынан баштап, Чолпон айылына чейин 1760 метр узундуктагы, жер астынан түтүкчө менен сугат суу алып өтүү үчүн 6,1 га жер аянтын убактылуу бөлүп берүү зарылчылыгы пайда болгондугу тууралуу Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айылын сугат суу менен камсыз кылуу максатында, жер астынан түтүкчө менен сугат суу алып өтүү үчүн 6,1 га жер аянты убактылуу бөлүнүп берилсин.

 

2. Жалпы 1760 метр узундуктагы жер аянтынан сугат суу түтүкчөлөрүн алып өтүүгө макулдук берилсин, жана ошондой эле жогоруда көрсөтүлөн узундуктагы жер аянтынын кыртыштарын көмүп, калыбына келтирүү жагы эске алынсын.

3. Чолпон айылын сугат суу менен камсыз кылуу, долбоордук иш кагаздарын даярдоо, тийиштүү мекемелерге кайрылуу, ишти толук кандуу алып баруу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковго тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил