Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/8

 

 

“Чолпон” муниципалдык ишканасынын карамагындагы XGMA XG756N үлгүдөгү эксковатордун кызмат көрсөтүүдөгү наркын жана баасын бекитүү жөнүндө

 

“Чолпон” муниципалдык ишканасынын карамагындагы XGMA XG756N үлгүдөгү эксковатордун кызмат көрсөтүүдөгү наркын жана баасын аныктоо тууралуу “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таалайбек уулу Тынчтыктын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Чолпон” муниципалдык ишканасынын карамагындагы XGMA XG756N үлгүдөгү эксковатордун кызмат көрсөтүүдөгү наркы жана баасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

 

2. XGMA XG756N үлгүдөгү эксковатордун толук кандуу иштешин жана эксковатордун көп жылдарга кызмат кылышын камсыз кылуу жагы Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил

 

 

         XGMA XG756N эксковаторун иштетүү үчүн эсептелген наркы жана баалары

 

№

Аталыштары

%

1

Амортизация

17%

2

Эмгек акы айдочу

15%

3

Оңдоо тетиктери

11%

4

Ондоо акысы

6%

5

Күйүүчү май

33%

6

Тез алмашып туруучу тетиктери

4%

7

Майлап туруучу май

4%

8

Кошумча куйулуучу май жана башка

3%

9

Ар кандай чыгым

7%

 

Баары

100%

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызымат көрсөтүү акысы

 

Таза сууга арык казуу: тереңи 1,3метр туурасы 0,4 метр узуну 1 метр =250сом.

 

     Чуңкур (септик) казуу: тереңи 3 метр туурасы 1,2 метр узуну 1,2 метр =3500сом.

 

Арык казуу: терени 0,5метр. туурасы 0,6 метр., узуну 1метр =  80сом.

 

             Унаага жүктөө: Газ 53 = 500сом,   Камаз = 1200 сом, Хово 1800 сом.

 

Пайдубал (Фундамент) толтуруу:  1м3 = 70 сом.

 

Жана башка жумуштарга: 1 саат 1800 сом.

 

Барып келүү жол аралыка жараша 5 литр майдан 20 литр майга чейин.