Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/10

 

ФПС жерлерин (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери) ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасын жана кепилдик суммасын бекитүү жөнүндө

 

ФПС жерлерин (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери) ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасын жана кепилдик суммасын бекитүү тууралуу турак-жай, коммуналдык маселелер жана агрардык маселеелр боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормондун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. ФПС жерлерин (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери) ижарага берүү үчүн аукциондун баштапкы баасын жана кепилдик суммасы төмөндөгүдөй таризде белгиленсин:

-Кайрак жер 800 сом;

-Сугат айдоо 1200 сом;

-Чабынды 500 сом.

 

2. ФПС жерлерин (кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери) аукцион аркылуу ижарага берүү тартибине ылайык жүргүзүү жагы турак-жай, коммуналдык маселелер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил