Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/12

 

Эпкин айылындагы Медет Датка БСРин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоорго өздүк салым кароо жөнүндө

 

Эпкин айылындагы Медет Датка БСРин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Эпкин айылындагы Медет Датка БСРин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын. 

2. Эпкин айылындагы Медет Датка БСРин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын. 

4. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү, тиешелүү мекемелерге кайрылуу жагы Эпкин айылынын айыл башчысы А. Молдонасировго эскертилсин.

5. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил