ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/14
“Чоң-Туз” ЖЧКсы пайдаланып жаткан инвентарларга инвентаризация жүргүзүү жөнүндө
“Чоң-Туз” ЖЧКсы пайдаланып жаткан инвентарларга инвентаризация жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу №4152 Туз шайлоо округунан депутаттары Абылабек уулу Чыңгыз жана Казиева Ажардын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Чоң-Туз” ЖЧКсы пайдаланып жаткан айыл өкмөтүнүн карамагындагы инвентарларга инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. “Чоң-Туз” ЖЧКсы пайдаланып жаткан инвентарларга инвентаризация жүргүзүү үчүн төмөндөгү курамдагы убактылуу комиссия түзүлсүн:
-Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишов;
-Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин орун басары А. Исаков;
-Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиев;
-№4152 шайлоо округунан депутат Абылабек уулу Чыңгыз;
-№4152 шайлоо округунан депутат Казиева Ажар.
3. Чолпон айыл өкмөтүнүн карамагындагы инвентарларды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу жагы “Чоң-Туз” ЖЧКсынын директоруна эскертилсин.
4. Чолпон айыл өкмөтүнүн балансасындагы инвентарлар эмне себептен талкаланып жаткандыгын аныктап чугуу жагы жогоруда түзүлгөн убактылуу комиссиясысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |