Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз заседаниеси
2019-жылдын 7-майы № 35
Сары-Таш айыл өкмөтүнүнө караштуу Катын-Арташуусундагы Ош-Сары-Таш жолунун оң тарабындагы Эл аралык маанидеги туристик базасына айландыруу үчүн 600,0 га жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн берүү жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Таш айылынын баш жагында жайгашкан Катын-Арт ашуусундагы Ош-Сары-Таш жолунун оң тарабындагы №28 контурундагы 2,0 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы (жайыт) жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Катын-Арт ашуусундагы Ош-Сары-Таш жолунун оң тарабынан Эл аралык маанидеги туристтик базасына айландыруу үчүн 600,0 га жер тилкесин (464,21 га –жайыт,135,79 га-айыл чарбасына ыңгайсыз жер), анын ичинен 2,0 га жер тилкесин жеңил курулмадагы турак-жайларды,чарбалык курулмаларды куруп, пайдалануу үчүн жеке ишкер Абдисамат Абдирасулович Жамшитовго 10 (он) жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. Сары-Таш айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн административдик аймагында жайгашкан №28 контурундагы 2,0 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы (жайыт) жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берет жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссияга сунуштоо жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Эмиловго милдеттендирилсин.
3.Айыл өкмөтү менен жеке ишкер А.А.Жамшитовдун ортосунда жер тилкесин ижарага берүү келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлсүн.
4.Бул жер аянтын которуу үчүн зарыл болгон иш-кагаздарын даярдап берүү тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Б.А.Эмиловго милдеттендирилсин
Төрага | Жаныбек уулу Т. |