Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV заседаниеси
2019-жылдын 30-марты № 34
Нурай айылынын 0,02га жер тилкесин “Нур Телеком” ЖЧКна жеңил конструкцияны орнотуп, убактылуу пайдаланууга үчүн 2 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4 жана 92, жер кодексинин 13,29-статьяларынын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө” мыйзамынын 43-статьясынын, 23-сентябрь 2011- жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтомунун негизинде мындан ары жер рыногун өнүктүрүү жана аларды рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу максатында, айыл өкмөтүнүн финансылык жана экономикалык базасын чыңдоо менен бирге ишкерлер менен элдин укуктарын коргоо максатында Төрт-Күл участкасынан 0, 02 га жер тилкесин “Нур Телеком” ЖЧК на убактылуу пайдалануу үчүн Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылынын күн чыгыш тарабындагы дөңсөөдөн 0,02 га жер тилкеси жана Төрт-Күл участкасынан 0,02 га жер тилкеси “Нур Телеком” ЖЧК на жеңил конструкцияны орнотуп,убактылуу пайдалануу үчүн 2 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. “Нур Телеком“ ЖЧК менен жер участогун ижарага берүү келишими түзүлсүн.
3.Тиешелүү документтерди даярдап берүү жана ушул токтомду аткарууга алуу жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу адиси Сартов Асан Калыбековичке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Эмиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныбек уулу Т. |