Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 10

Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

 

 

 Күн тартибиндеги 1-маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекттик өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин  2024-жылдын 11-январындагы №01-25/б буйругуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин   сессиясы токтом кылат:

1. Орозбеков  айыл өкмөтүнүн алдында “Орозбеков” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана ишкананын жобосу бекитилсин.

  2. Токтомду аткарууга алуу, муниципалдык ишкананы Баткен облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү, тийиштүү материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча иш алып баруу Орозбеков айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финанасылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Бактыбаев