Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI отуруму
2018-жылдын 21-декабры № 31/1
Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2019-2020-жылдарга жергиликтүү жамаатынын социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитүү жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын “Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык экономикалык планынын аткарылышы жана 2019-2020-жылдарга социалдык-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сары-Таш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету жактырылсын.
2. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программалары бекитилсин.
3. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Жаныбек уулу Т. |