ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 12
Орозбеков айылынын Геологдор көчөсүнө төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартууга уруксат берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги 3-маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Геологдор көчөсүнүн 1116 м2 янтына, жер астынан 292 м2 аянтына, жалпы 1408м2 аянтына төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана камсыздоо жагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Б. Абдумаликовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бактыбаев |