Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV заседаниеси
2018-жылдын 1-декабры № 25/1
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Сары-Таш айыл өкмөтүндө Бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиялары жөнүндөгү жобо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Сары-Таш айыл өкмөтүндө бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиялары тууралуу жобо жөнүндө жооптуу катчы Б.А.Алимбекованын маалыматын угуп жана талкуулап
Сары-Таш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХV заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Төрага | Жаныбек уулу Т. |
| Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылдыккеңешинин 2018-жылдын 1 -декабрындагы кезектеги 25-заседаниесинин № 25/1 токтому менен бекитилген № 1-тиркеме |
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары- Кодекс) каралган Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары- Комиссия ) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет .
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конистутциясын. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин , башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын,15 – январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын , орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар ;
- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча ).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон ,атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн :
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
- медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт .
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кенеш Комиссияны түзүү жөнундө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо ;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүлүүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден-соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда ;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда ;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганда 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет .
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүнкүн .
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша ( материалдардын түшүшүнө карата ) өткөрүлөт.
Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде.
Ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссияны ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.