Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 14

 Орозбеков айылынын Орозбеков, Жеңиш жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартууга уруксат берүү жөнүндө.

 

 

 Күн тартибиндеги 5-маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңешинин   сессиясы токтом кылат:

 1.   Орозбеков айылынын Орозбеков, Жеңиш жана Бөкөнбаев көчөлөрүнө 2000 метр аралыкка төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартууга уруксат берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана камсыздоо жагы  Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси  Б. Абдумаликовго  милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

А.Бактыбаев