Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 15

Орозбеков айыл аймагынын  чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө.

 

 

Күн тартибиндеги 6-маселени карап чыгып жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларынын Календардык планына ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл аймагынын  чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы  боюнча иш алып баруу айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарбасы, жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

А.Бактыбаев