ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 16
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү, аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын жана регламентин бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги 7-маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 22-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү, аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү, аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Түзүлгөн комиссия айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүүдө, аукционго коюда мыйзам чегинде, комиссиянын регламентине ылайык иш алып барсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бактыбаев |