ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 19
Орозбеков айыл аймагынын Ак-Шыбак участкасынан 15 га кайрак айдоо жерин ижарага берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги 10-маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобосуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынын Ак-Шыбак участкасынан 15га кайрак айдоо жери ижарага берилсин.
- Жерди ижарага берүүдө Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүү, аукционго коюу боюнча комиссиясы мыйзам чегинде иш алып барсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарбасы, жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясыга жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бактыбаев |