ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 20
Орозбеков айыл аймагынын Кызыл-Булак, Ак-Кыя, Гайрат, Кескен-Таш жана Кара-Шоро айылдарынын кырдаалдык план менен башкы пландарын бекитүү үчүн башкы планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги 1-маселени талкуулап жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалынын 22.04.2024-жылдагы чыгыш №01-2/57 санадуу катына ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынын Кызыл-Булак, Ак-Кыя, Гайрат, Кескен-Таш жана Кара-Шоро айылдарынын кырдаалдык план менен башкы планын бекитүү үчүн башкы планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарбасы, жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бактыбаев |