Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 3-октябры № 23/2
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы № 960-ЖТМне караштуу айылдык маданият үйүнүн имаратын айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Сары-Таш айылындагы № 960-ЖТМне караштуу айылдык маданият үйүнүн имаратын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Транспорт жана жолдор министрлигинин макулдугуна байланыштуу Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылындагы № 960-ЖТМне караштуу айылдык маданият үйүнүн имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу үчүн керектүү документтер даярдалсын.
2.№ 960 жол тейлөө ишканасы республикалык каржылоодо тургандыктан аталган маданият үйүн айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп берүүнү демилгелөө менен бирге токтом долбооруна сунуш берүү жагы КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан, КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен суралсын.
3.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдык бюджетине маданият үйүнүн штаттык бирдиктерин жана учурдагы оңдоп-түзөтүүсүнө керектелүүчү каражат эсептелип,айылдык кеңештин бюджет комитетине сунушталсын.
4.Өткөрүлүп алынган маданият үйүнүн имаратын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына,Сары-Таш айылдык маданият үйүнүн башчысына жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилов Баймамат Абылкасымовичке милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныбек уулу Т. |