КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу (VIII шайланган ) сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/2
Кашка-Жол айылдык кенешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кашка-Жол айылдык кенешинин регламентин угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык кенешинин 39-бөлүмдөн турган регламенти бекитилсин.
2. Кашка-Жол айылдык кенешинин регламентин жетекчиликке алуу жагы айылдык кенешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин депутаты: | Р. Касымов |
Кашка-Жол айылдык кеңешинин 17.05.2021-жылдагы
№1\2 токтому менен бекитилди.
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
Бул регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө» , «Жергиликтγγ кеңештердин депутаттарынын статусу жөнγндө» . «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнγндө» Кыргыз Респуликасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тарибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Кашка-Жол айылдык кеңешинин (мындан ары-айылдык кеңеш) жашыруун добуш берγγ менен жалпы тең жана тике щайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланган 21 депутаттардан турган , ѳзγнγн иш коллегиялык негизде жγзѳѳгѳ ашырган, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун шайлануучу ѳкγлчγлγктγγ органы.
1.2. Айыл ѳкмѳтγ айыл аймагында аткаруу бийлигин жγзѳѳгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына ѳздѳрγнγн ыйгарым укуктарын жγзѳѳгѳ ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду жана даярдоого жана ѳткѳрγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешγγ айылдык кеңештин негизги уюштуруучулук –укуктук тγрγγ болуп саналат.
1.4.Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук , обьективдγγлγк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жγргγзγγ принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенцияларына кирген маселелер.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ѳз алдынча маселелерди кароого жана алар бюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сесссияларында , «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, тѳмѳндѳгγ маселелер чечилет:
1) айылдык кеңеш жѳнγндѳ Жообону бекитγγ;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитγγ;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын тγзγγ жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитγγ жана алардын курамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ.
4) туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жѳнγндѳ отчетторду угуу.
5) « Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бѳлγгγнѳ ылайк, айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басарын бошотуу тууралуу айыл ѳкмѳтγнγн башчысына сунуш киригзγγ;
6) мыйзамдарды. Президенттин жана Өкмѳттγн ченемдик укуктук актыларын же «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бѳлγгγнγн 2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген мамлекеттик укуктарды аткарбагандыгы же тийиштγγ деңгээлде аткарбагандыгы γчγн аким тарабынан айыл ѳкмѳтγнγн башчысын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен макулдук берγγ жѳнγндѳ маселени кароо;
7) «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруунун финансылык –экономикалык негиздери жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинине ылайк, айыл ѳкмөтүнγн аппаратынын финансалык-экономикалык бѳлγмγнγн жетекчисин дайындоого жана бошотууга депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен макулдук берγγ жѳнγндѳ маселени кароо;
8) жергилитγγ коомдоштуктардын жана маданий салттарын сактоо жана ѳнγктγрγγ , маданияттын функиционалдык мекемелерин ѳнγктγрγγ боюнча иш-чаралардын планынын бекитγγ;
9) айыл аймагынын айылдарынын аймагында айлана –чѳйрѳнγ коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо ,тазалыкты жана тартипти сактоо боюча иш-чараларды планын бекитγγ;
10) келишимдин негизинде жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар ѳткѳрγлγп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитγγ, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ келишимди токтотуу же токтото туруу жѳнγндѳ чечимдерди кабыл алуу;
11) айылдык кеңештин депутаттарынын ѳз шайлоочуларына отчет берγγсγ, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочуулар менен иштѳѳ боюча башка ар жылдык планын бекитγγ;
12) жергиликтγү маанидеги маселелер боюнча айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды ѳткѳрγγ боюнча ар жылдык планын бекитγγ;
13) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же кγрѳѳгѳ коюуга макулдук берγγ;
14) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестирин киргизγγ тартибин бекитγγ;
15) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилѳѳ;
16) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору; ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу укугу γчγн акынын ѳлчѳмγ боюнча жамаатардын ар жылдык планын бекитγγ;
17) жергиликтγγ жамааттардын Уставынын жоболорун жана айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын конторолдоо;
18) айылдын артыкчылыктуу кѳйгѳйлѳрγн аныктоо жана аларды биргеликте чечγγ максатында жергилиттγγ ѳз алдынча башкаруу органдары (айылдык кеңеш жана айыл ѳкмѳтγ) менен биргеликте биргелешкен иштерди жγзөөгѳ ашыруу γчγн коммдук башталышта активдγγ жарандарды, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыктар жактарды тартуунун планын бекитγγ;
19) кызмат кѳрсѳтγγгѳ баа берγγнγ жγргγзγγнγн методикасын, жергиликтγγ бюджеттин каражаттарынын , жергилитγγγ жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жγзѳөгѳ ашырылуучу демилгелерди (долборлорду) програмаларды, бекитγγ, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берγγнγн топтору, анын курамы жѳнγндѳ жобону бекитγγ жана ошол топтордун сунуштарынын негизиде тийиштγγ чараларды кабыл алуу;
20) коомдук угууларды ѳткѳрγγ, анын ичинде маселени кароо жана ѳзγнγн карамагына кирген маселелер боюнча коммдук пикирди эске алуу γчγн коомдук угууларды уюштурууну жана ѳткѳрγγнγ айыл ѳкмѳтγн башчысына тапшыруу;
21) депутаттардын ѳздѳрγнγн ыйгарым укуктарын жγзѳгѳ ашыруусуна кѳмѳктѳшγγ γчγн жергиликтγγ кеңештердин депутаттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитγγ;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана жергиликтγγ жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечγγ.
3-глава. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу.
3.1. Айылдык кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга иш пландарын тγзѳт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия ѳткѳрγлгѳн соң кийинки сессиянын кγн тартибине киргизилет.
3.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын тѳрагалары, айыл ѳкмѳтγнγн башчысы жана айыл ѳкмѳтγнγн катчысы менен биргеликте айылдык кеңештин тѳрагасы тарабынан тγзγлѳт, зарылчылыка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
3.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык кеңештин иш планыныннегизинде туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ,айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы , айылдык кеңештин тѳрагасы, айыл ѳкмѳтγнγн башчысы же анын орун басары менен бирдикте тγзγлѳт.
3.4. Иш планына бир жылдын аралыгында айылдык кеңештин сессияларында , туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чакырылган маселелер киргизилет.
3.5. Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилγγ маселерлерди киргизγγгѳ чектѳѳ койбойт.
3.6. Айылдык кеңештин курамы , туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагынын маалымат тактайларында документердин кѳчγрмѳлѳрγн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
4-глава. Айылдык кеңештин тѳрагасын жана аны шайлоонун тартиби.
4.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мѳѳнѳтγнѳ айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берγγ аркылуу депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна шайлоо γчγн талап керди кѳрсѳтγγ укугу тѳмѳндѳгγлѳргѳ таандык:
- депутатка (ѳзγн ѳзγ кѳрсѳтγγ же башка депутатты талапкер кылып кѳрсѳтγγ):
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.
Ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди кѳрсѳтγγгѳ укугу бар.
4.3. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна депутаттын ѳзγн ѳзγ кѳрсѳтγγ тартибинде талапкерлигин кѳрсѳтγγ депутаттын талапкер болуп катталуу ниети жѳнγндѳ тѳрагалык кылуучуга арыз берγγ жолу аркылуу жγргγзγлѳт. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкер депутат, депутаттардын тобу тарабынан кѳрсѳтγγ алар талапкер кылып сунуштаган депутатты кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ тѳрагалык кылуучуга арыз берγγ жолу аркылуу жγргγзγлѳт.
4.4. Өзγн ѳзγ кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ арыздар тѳрагалык кылуучу тарабынан кγбѳлѳндγрγлѳт жана аларды жашыруун добуш берγγ γчγн бюллтенге киргизγγ γчγн эсептѳѳ комиссиясына берилет.
4.5. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып, сγйлѳйт. Алардын суроосуна жооп берет. Чыгып сγйлѳѳ γчγн 5 мγнѳткѳ, суроолорго жооп берγγ γчγн 3 мγнѳткѳ, кортунду сѳз сγйлѳѳ γчγн 5 мγнѳткѳ чейин сѳз берилет.
4.6. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сγйлѳѳнγ каалаган депутаттарга сѳз сγйлѳѳ γчγн 5 мγнѳткѳ чейин убакыт берилет.
4.7. Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берγγ жол-жоболору башталганга чейин ѳзγн ѳзγ алып кое алат. Бул тууралуу тѳрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин ѳзүнγн талапкерлигин алып коюу жөнγндѳ арызын жѳнѳтѳт. Өзγн ѳзγ алып коюу добуш берγγсγз кабыл алынат.
4.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептѳѳ комиссиясы айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилиялары жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
4.9. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушун алган талапкер айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер кѳрсѳтγлγп, ал депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан кѳрсѳтγγ жγргγзγлѳт;
- эки талапкер кѳрсѳтγлγп жана алардын бири депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса , талапкерлерди жаңыдан кѳрсѳтγγ жγгγзлѳт:
- эки талапкерден кѳп кѳрсѳтγлγп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушун ала албаса, добуштардын кѳпчγлγк санын алган бир талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳп, санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса , добуштардын кѳпчγлγк санын алган бир талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экѳѳсγ добуштардын тең кѳп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын кѳпчγлγк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда бардык талапкелер добуштардын тең санын алышса,талапкерлерди жаңыдан кѳрсѳтγγ жγргγзγлѳт;
- эки талапкерден кѳп кѳрсѳтγлγп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушун ала албаса, добуштардын кѳпчγлγк санын алган эки талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда талапкелердин экѳѳсγ добуштардын тең кѳп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын кѳпчγлγк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын кѳпчγлγк санын алган бир талапкер боюнча добуш берγγнγн экинчи туру ѳткѳрγлѳт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан кѳрсѳтγγ жγргγзγлѳт.
4.10.Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) кѳрсѳтγγ менен кайрадан шайлоо айылдык кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын кγнγндѳ же башка кγнγ, бирок биринчи сесииянын кγнγнѳн баштап 5 беш календардык кγндѳн кеч эмес ѳткѳрγлѳт.
4.11. Айылдык кеңештин тѳрагасы ѳзγнγн милдетерин коомдук негизде аткарат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
5-глава. Айылдык кеңештин тѳрагасынын ыйгарым укуктары.
5.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы;
- айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитγγ γчγн сессияга чакырат;
- айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жγргγзѳт, маселелерди алдын ала кароо γчγн жана алар боюнча тийиштγγ кортундуларды (чечимдерди) чыгарып айылдык кеңештин сессиясына киргизγγ γчγн туруктуу комиссияларга жѳнѳтѳт;
- айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
- айылдык кеңештин сессиясынын кγн тартибин тγзѳт;
- айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- катталган депутаттык топтордун ишине кѳмѳктѳшѳт, алардын ишин кординациялайт;
- айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тѳрагаларынын ѳз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга ѳздѳрγнγн ыйгарым укуктарын жγзѳѳгѳ ашырууга , жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берγγсγнѳ кѳмѳктѳшѳт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жγзѳѳгѳ ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
- айылдык кеңештин жергиликтγγ жамаатар, аймактык коомдук ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдары , мамлекеттик органдардын аймактык бѳлγмчѳлѳрγ жана айыл аймагында жайгашкан башка юридикалык жактар менен ѳз ара аракеттерин уюштурат;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жѳнγндѳ, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
- ушул Регламенте жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
6-глава. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары.
6.1. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мѳѳнѳтγнѳ айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен ачык добуш берγγ аркылуу депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен шайланат.
6.2. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарын кызмат ордуна шайлоо γчγн талапкерлерди кѳрсѳтγγ укугу тѳмѳндѳгγлѳргѳ таандык;
- айылдык кеңештин тѳрагасына;
- депутатка (ѳзγн ѳзγ кѳрсѳтγγ же башка депутатты талапкер кылып кѳрсѳтγγ);
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна. Айылдык кеңештин тѳрагасы, ар бир депутат же депутаттардын тобу бирден талапкердик ѳсѳтγγгѳ укуктуу.
6.3. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарын кызмат ордуна шайлоо талапкерлерди кѳрсѳтγγ жана шайлоо тартиби жана добуш берγγнγн башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин тѳрагасы γчγн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6.4. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары ѳз ишин коомдук башталышта аткарат.
6.5. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары;
- айылдык кеңештин тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- айылдык кеңештин тѳрагасы жок болгон учурда же ал ѳзγнγн иш-милдеттерин аткарууга мγмкγн болбой каган учурда айылдык кеңештин тѳрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле айылдык кеңештин тѳрагасынын тапшыруусу боюнча айылдык кеңештин сессияларын алып барат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын ѳз ара аракеттерин координациялайт;
- айылдык кеңеш тарабынан тγзγлгѳн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
- айыл аймагында жайгашкан жергиликтγγ жамаатар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жγргγзѳт;
- айылдык кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
- айылдык кеңештин туруктуу комисияларынын тѳрагалары менен бирдикте айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтγγ жамаатын Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда бегиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
7-глава. Айылдык кеңештин тѳрагасынын жана айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотуу.
7.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы жана анын орун басары алардын жеке ѳтγнγчγ боюнча, ошондой эле алар ѳздѳрγнγн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотот.
7.2. ϴз каалоолору боюнча айылдык кеңештин тѳрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотуу жѳнγндѳ маселе алардын ѳздѳрγнγн арыздар келип тγшкѳндѳ, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын γчтѳн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
7.3. ϴз каалоолору боюнча айылдык кеңештин тѳрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотуу жѳнγндѳ токтом ачык добуш берγγ (же депутаттардын калоосу боюнча жашыруун добуш берγγ) аркылуу айылдык кеңештин депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат.
7.4. ϴздѳрγнγн милдетерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берγγ жолу менен айылдык кеңештин тѳрагасы, тѳрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотулушу мγмкγн. Айылдык кеңештин тѳрагасын, тѳраганын орун басарынын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотулушу тууралуу айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мγмкγн.
7.5. Айылдык кеңештин тѳрагасын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошоту тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин тѳрагасын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошоту боюнча жашыруун (же ачык) добуш берγγ ушул Регламентте белгиленген тартипте жγргγзγлѳт.
7.6. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошоту тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγгγ добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин тѳрагасын орун басарын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошоту боюнча жашыруун (же ачык) добуш берγγ ушул Регламентте белгиленген тартипте жγргγзγлѳт.
8-глава. Айылдык кеңештин катчысы.
8.1. Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айылдык кеңештин катчысы аткарат.
8.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагын камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана айылдык кеңештин депутаттарына жардам кѳрсѳтѳт. Айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткѳрγγ γчγн керектγγ материалдарды даярдоону камсыз кылат.
8.3. Жооптуу катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюча тѳмѳдѳгγлѳргѳ милдетγγ;
- айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жγгγзѳт (катто журналында);
- айылдык кеңешке келип тγшкѳн каттарды кабыл алат жана каттайт, айылдык кеңештин тѳрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга ѳткѳрγп берет;
- айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде айылдык кеңештин токтомдорунун долборлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын кортундуларынын жол-жоболорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
-айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга кѳмѳктѳшѳт, бекилгенден кийин алардын ѳз учурунда аткарылышына кѳмѳктѳшѳт;
- сессияга чакыруу жѳнγндѳ айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
-айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жγргγзѳт, сессияларда айылдык кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат;
- чакырылган адамдарды , ачык сессиягаларга катышууну каалаган адамдарды каттоону жγзѳгѳ ашырат;
- жергиликтγγ кеңештин иш кагаздарын каттоону жγгзѳт;
- айылдык кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды кγчγнѳ киргизγγгѳ, жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштγγ адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун кѳчγрмѳсγн ченемдик укуктук актыларын Реестрине кошуу γчγн Юстиция министрлигинин аймактык бѳлγмγнѳ жѳнѳтγлѳт;
- айылдык кеңештин документерин, туруктуу (убактылуу) комисстялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага жана тийиштγγ абалда кармоону камсыз кылынат;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам кѳрсѳтѳт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, айылдык кеңештин ушул Регламентине ылайык иш-милдеттерди жγзѳгѳ ашырат.
9-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары.
9.1.Кеңештин карагмагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо γчγн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жγзөөгө ашырууга катышуу, айылдын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо γчγн айылдык кеңеш туруктуу комиссияларды тγзөт.
9.2.Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин тγзγмдγк бөлγгγ болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтγнө айылдык кеңештин токтому менен тγзγлөт.
9.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы айылдык кеңешке шайланган депутатттардын сандык курамын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленент жана депутаттардын санынын көпчγлγк добушу менен бекитилет.
9.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы кеңештин депутаттарынын санынан: 4 кем болбоого жана 8 көп болбоого тийиш .
9.5. Туруктуу комиссиянын мγчөлөрγн айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.
9.6. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мγчөсγ боло алат..
9.7. Туруктуу комиссиялардын мγчөлөрγ бирдей укукка ээ. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
9.8. Туруктуу комиссиялардын мγчөлөрγ өздөрγнγн курамынан алардын жалпы санынын көпчγлγк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык кеңештин сессияларында бекитилет.
9.9. Комиссиянын төрагасы өзγнγн милдетерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчγлγк мγчөлөрγнγн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мγмкγн.
9.10. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзγнγн иши жөнγндө айылдык кеңешке отчет берет.
9.11. Ыйгарым укутарынын аралыгында , зарылчылыка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны тγзγγгө, мурда тγзγлгөндөрдγ жоюга жана тγзγγгө , алардын курамына өзгөртγγ киргизγγгө укугу бар.
10-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
10.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ѳздѳрγнγн компетецияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат , тийиштγγ кортунду чечим менен аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизет:
- кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
- айылдык кеңештин кароосуна айылдык аймагынын экономикалык , социалдык жана маданий ѳнγгγγсγнѳ байланышкан маселелер боюнча сунуштарды айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет:
- ѳзγнγн аймагынын экономикалык ѳнγгγγсγнγн планын жана бюджетинин долборунун, пландарын жана бюджеттин аткарылышы жѳнγндѳ отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча ѳзγнγн кортундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
- айылдык кеңештин тѳрагасынын тапшырмасы боюнча айылдык кеңештин кароосуна келип тγшкѳн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт:
- ѳз ишин уюуштуруу маселелерин чечет:
- айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтγγ жамааттын Уставынын жооболорун аткаруу боюнча контролду жγзѳѳгѳ ашырат:
- каралып жаткан маселени башка комиссияга ѳткѳрγп берγγ тууралуу сунушту айылдык кеңештин тѳрагасына киргизет:
- башка комиссиялар карап жаткан маселелер боюча пикирин билдирет:
- ушул Регламентке жана башка ченемдик актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
10.2 Туруктуу комиссиялар тѳмѳндѳгγлѳргѳ укуктуу:
- ѳзγнγн ишине илимпоздорду , адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга:
- ѳзγнγн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын менчигинин тγрγнѳ карабастан айыл амагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле айыл ѳкмѳтγнγн башчысын жана айыл ѳкмѳтγнγн аппаратынын тийиштγγ адистерин угууга:
- ѳзγнγн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, айыл ѳкмѳтγнγн аппаратынын, коомдук уюмдардын ѳкγлдѳрγн. Ошондой эле адистерди, кѳз карандысыз эксперттерди жана илимпоздорду тартуу укугу менен айылдык кеңештин депутаттардын ичинен убактылуу комиссияларды тγзγγ жѳнγндѳ сунуш киргизγγгѳ :
- туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтѳѳ γчγн маалыматтарды, материалдарды жана документерди кызмат адамдарынан , айыл ѳкмѳттѳрγнѳн , мамлекеттик органдардан , уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, айыл аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга , алар суроо-талапта кѳрсѳтγлгѳн мѳѳнѳтѳ же суроо-талап берилген кγндѳн бир айылыкмѳѳнѳттѳн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берγγгѳ милдетγγ;
- γзγнγн карамагына кирген маселелер боюнча айылдык кеңештин тѳрагасына жана айыл ѳкмѳтγнγн башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды ѳткѳрγγ жѳнγндѳ сунуш киризγγгѳ:
- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын ѳткѳрγγгѳ.
10.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айыл аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекмелердин оперативдик-чарбалык жана финансалык –чарбалык иштерине кийлигишγγгө укугу жок.
11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары.
11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштγγ чечимдерди же кортундуларды кабыл алат.
11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук γчγн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссиялардын жыйындарында ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укукту.
11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекттик сырга тийиштγγ болгон учурда туруктуу комиссиянын жашыруун жыйынын ѳткѳрγγ тууралуу чечим кабыл алат.
11.5. Комиссиянын тѳрагасы жыйынды ѳткѳрγγ датасы анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу кγндѳн кеч эмес комиссиянын мγчѳлѳрγнѳ, айылдык кеңештин тѳрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга чакырылган адамдарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
11.6. Эгерде жыйынга комиссянын мγчѳлѳрγнγн жарымынан ашыгы катыша , анда ал укук ченемдγγ болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мγчѳлѳрγнγн жалпы санын добушу менен кабыл алынат.
11.7. Туруктуу комиссиянын тѳрагасы ѳзγнγн демилгеси менен, ошондой эле ,комиссиянын мγчѳлѳрγнγн γчтѳн биринин, айылдык кеңештин тѳрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча комиссиянын жыйынын чакыра алат.
11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берγγчγ добуш укугу менен ошол комиссияга мγчѳ эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин тѳрагасынын жана анын орун басарынын, айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сѳз сγйлѳѳгѳ жана талкууланган маселе боюнча ѳз пикирин билдирγγгѳ укуктуу.
11.9. Комиссиянын чечимине, кортундусуна туруктуу комиссиянын тѳрагасы кол коет.
11.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай,эмеректер, кеңсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл ѳкмѳтγнѳ жγктѳлѳт.
12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары.
12.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен , ошондой эле айылдык кеңештин тѳрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
12.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтѳѳ жана кароо кошмо жыйындарда жγргγзлѳт.
12.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мγчѳлѳрγнγн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдγγ болуп саналат. Кошмо жыйынды ѳз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын тѳрагалары алып барышат.
12.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγнγн жалпы санынын жѳнѳкѳй кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын тѳрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин кѳчγрмѳлѳрγн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
13-глава. Туруктуу комиссиянын тѳрагасынын ыйгарым укуктары.
Туруктуу комиссиянын тѳрагасы:
- комиссиянын дарегине келип тγшкѳн документер жѳнγндѳ комиссиянын мγчѳлѳрγнѳ маалымдайт;
- комиссиянын мγчѳлѳрγ, жооптуу катчы, айылдык кеңештин тѳрагасы, айыл ѳкмѳтγнγн башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга комиссиянын иш –планын тγзѳт;
- туруктуу комиссялардын мγчѳлѳрγγ менен бирдикте комиссиянын жыйынын кγн тартибинин долборун тγзѳт;
-комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мγчѳлѳрγн тааныштырат;
- убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мγчѳлѳрγнγн катышуусун сунуш кылат;
- жергиликтγγγ жааматтын мγчѳлѳрγн, мамлекеттик органдардын , айыл ѳкмѳтγнγн, коомдук уюмдардын ѳкγлдѳрγн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу γчγн чакырат;
- комиссиянын жыйындарына тѳрагалык кылат;
- айылдык кеңештин тѳрагасы жана тѳраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер , ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жγзѳгѳ ашыруу γчγн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
- айылдык кеңештин, уруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин тѳрагасына , комиссиянын мγчѳлѳрγнѳ маалымдайт:
- жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жѳнγндѳ отчет берет, отчетто камтылган маалыматтарды кеңири жайылтуу γчγн чараларды кѳрѳт.
14-глава. Туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ
14.1. Туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ тѳмѳндѳгγлѳргѳ укуктуу;
- туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо γчγн сунуштарды киргизγγгѳ;
- комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын кγн тартиби боюнча, талкууланучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизγγгѳ;
- комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жѳнγндѳ сунуш киргизγγгѳ;
-комиссиянын чечимдеринин, кортундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизγγгѳ;
- ѳзγнγн сунуштарын негиздѳѳ менен чыгып сγйлѳѳгѳ, маалымат берγγгѳ;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
14.2. Туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ тѳмѳндѳгγлөрγгѳ милдетγγ;
- ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
- ѳзγ мγчѳсγ болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жγйѳлγγ себептерден улам катышууга мγмкγнчγлгγ болбой калган учурда комиссиянын тѳрагасына билдирγγгѳ;
- айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетецияларына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышууга;
-ал кабыл алган чечимдерди жγзѳгѳ ашырууга активдγγ катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
14.3. Комиссия тарабынан каралган бардык маселелерди чечγγгѳ активдγγ катышуу γчγн комиссиянын мγчѳсγнѳ шарт тγзγлѳт жана керектγγ материалдар берилет.
14.4. Комиссиянын мγчѳсγ комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маселелерди жеринен иликтейт, ѳзγнγн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
14.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болгон комиссиянын мγчѳсγ ошол маселе айылдык кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки тγрγндѳ киргизγγгѳ укуктуу.
15-глава. Убактылуу комиссия.
15.1. Айылдык кеңеш зарылчылыка жараша убактылуу комиссияларды тγзγγгѳ укуктуу.
15.2. Убактылуу комиссиялар айыл кеңешинин тѳрагасынын , анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын тѳрагаларынын сунушу, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн биринин демилгеси боюнча тγзγлѳт.
15.3. Убактылуу комиссиялардын иши тѳмѳндѳгγ учурлар менен чектелет;
- убактылуу комиссия тγзгѳн тийиштγγ мезгил менен.
-убактылуу комиссия чечγγ γчγн тγзгѳн тийиштγγ тапшырма менен.
15.4. Убактылуу комиссияны тγзγγ айылдык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлѳт;
- убактылуу комиссянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мγчѳлѳрγнγн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечγγ γчγн тγзγлгѳн тапшырма.
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мѳѳнѳтγ.
15.5. Убактылуу комиссиянын мγчѳлѳрγ айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен шайланат. Добуш берγγ ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча жγргγзγлѳт. Добуш берγγнγн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кеңештин токтому менен бекилет.
15.6. Өзγнγн курамынан убактылуу комиссиянын мγчѳлѳрγ ѳздѳрγнγн жалпы санын кѳпчγлγк добушу менен комиссиянын тѳрагасын шайлайт.
15.7. Өзγнγн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия айылдык кеңешке отчет берет. Өзгѳчѳ пикири бар комиссиянын мγчѳсγ аны айылдык кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
15.8. Убактылуу комиссия тѳмѳндѳгγ учураларда ѳзγнγн ишин токтотот;
- ѳзγ тγзγлгѳн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечγγ γчγн тγзγп, чечγγгѳ тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
- айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурда.
15.9. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мγмкγн.
15.10. Каралып жаткан маселе боюнча убактылуу комиссиянын мγчѳлѳрγнγн жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен убактылуу комиссия чечим же кортунду кабыл алат.
15.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын ѳткѳрγγнγн тартиби туралуу комиссиялар γчγн белгиленген тартипте жγргγзлѳт;
15.12. Айылдык кеңештин комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректкер, кеңсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл ѳкмѳтγнѳ жγктѳлѳт.
II.БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУ
16-глава. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана ѳткѳрγγнγн тартиби
16.1. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдγγ талкуулоону жана ал боюнча талкуулоону жана ал боюнча тийиштγγ чечим кабыл алууну камсыз кылган айылдык кеңештин негизги уюштуруучулук-укуктук тγрγ болуп саналат.
16.2. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин дептуттатардын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдγγ болот. Айыл ѳкмѳтγнγн башчысын шайлаган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдγγ болот.
16.3. Депутаттардын каттоо башталгандан кийин 10 мγнѳттγн аралыгында кворум жок болгон учурда тѳрагалык кылуучу 10 мүнөт тыныгуу жарыялайт. Эгерде 20 мγнѳттγн ичинде кворум кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Айылдык кеңештин сессиясын айылдык кеңештин тѳрагасы чакырат:
- ѳзγнγн демилгеси боюча;
- айылдык кеңештин дептуттаарынын жалпы санынын γчтѳн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча;
- айыл ѳкмѳтγнγн башчысын сунушу боюнча.
16.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталында бир жолудан кем эмес ѳткѳрγлѳт. Белгиленген мѳөнөттѳ чакырылуучу айылдык кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар ѳткѳрγлγшγ мγмкγн.
16.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук γчγн ачык болуп саналат. Сессияга айыл ѳкмѳтγнγн башчысы. Анын орун басары, жергиликтγγ жамаатын мγчѳлѳрγ, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыктар адамдар катышууга укуктуу.
16.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштγγ болсо , айылдык кеңеш жабык сессия ѳткѳрγγ боюнча чечим кабыл алышы мγмкγн.
16.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя башталганга чейин 10 календардык кγндѳн кечиктирилбестен, айылдардын аймактарында жалпы жашоочуларга жеткиликтγγ жерлерге кѳрγнγктγγ болуп илинет.
16.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депутаттарды каттоону жооптуу катчы жγгγзѳт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы кѳрсѳтγлγγ менен сессия аяктаганга чейин жγгγзγлѳт. Депутаттарды каттоо баракчасы сессиянын протоколдору менен бирге айыл кеңештин жооптуу катчысында сакталат. Сессияга катышкан депутат ѳзγнγн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ тγрγндѳ тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жγйѳлγγ себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат айылдык кеңештин тѳрагасына айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жγйѳлγγ себептерин тастыктаган документти тапшырат.
16.11. Сессияларга катары менен тѳрт жолудан ашык жγйѳлγγ себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депуттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим кγчγнѳ киргенден кийин (жарыялангандан кγндѳн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу γчγн аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтγлѳт.
17-глава. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы.
17.1. Кечиктирилгис маселелерди чечγγ γчγн айылдык кеңештин тѳрагасы ѳзγнγн демилгеси же айыл ѳкмѳтγнγн бащчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2. Айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын
γчтѳн биринин, айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияга каралуучу маселелерди кѳрсѳтγγ жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жγзγндѳ айылдык кеңештин тѳрагасына берилет.
17.3. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча айылдык кеңештин тѳрагасынын сунушу каралуучу маселелерди кѳрсѳтγγ жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана айылдык кеңештин депутаттарына жѳнѳтγлѳт.
17.4. Кезексиз сессия сунуш келип тγшкѳн кγндѳн тартып 5 календардык кγндѳн кеч эмес убакта чакырат.
17.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жѳнγндѳ айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган кγндѳн баштап 4 календарлык кγндγн ичинде жγргγзγлѳт.
17.6. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер кѳрсѳтγлγп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календарлык кγндѳн кечиктирилбестен, айылдарда жалпы жашоочуларга жеткиликтγγ жерлерде кѳрγнγктγγ болуп илинет.
17.7. ϴзгѳчѳ кырдаалдар жаралган учурда айылдык кеңештин тѳрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтγγ жамааттын мγчѳлѳрγн маалымдоонун мѳѳнѳтγн милдетγγ тγрдѳ сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8. Кезексиз сессиянын кγн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 1 календардык кγнγнѳ чейин . калган катышуучуларга кезексиз сессия ѳткѳрγлѳр алдында таркалат.
17.9. ϴзгѳчѳ кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын кγн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия ѳткѳрγлѳргѳ таркатылат.
18-глава. Сессиянын кγн тартиби.
18.1. Сессиянын кγн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын , депутаттардын, айыл ѳкмѳтγнγн башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын ѳткѳрγγгѳ чейин айылдык кеңештин тѳрагасы тарабынан 10 кγн мурда жана айылдык кеңештин кезексиз сесиясына чейин 5 кγн мурда тγзγлѳт. ϴзгѳчѳ кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис тγрдѳ тγзγлѳт.
18.2. ϴткѳрγлγγчγ убактысы жана жери кѳрсѳтγлγγ менен тѳрага тарабынан аныкталган сессиянын кγн тартибинин долборуу, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долборлору жана башка документер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календарлык кγндѳн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жѳнѳтγлѳт. Кγн тартибинин долбоору бир эле учурда айыл ѳкмѳтγнγн маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтγγ калктын таанышуусу γчγн айылдардын ичиндеги кѳрнγктγγ жерлерге илинет.
18.3. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын кγн таритибинин долбору жергиликтγγ гезиттерде, телекѳрсѳтγγдѳ жана радиодо жарыя кылышат.
18.4. Сессиянын кγн тартибинин долбоору сессияда тѳрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу γчγн добушка коюлат.
18.5. Сессияда негиз катары кабыл алынган кγн тартибинин долборууна ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизилиши мγмкң.
18.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган кγн тартибинин долборун жаңы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш кылынган маселе мурда айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын кѳпчγлγк добушу менен киргизилет.
18.7. Кγн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын кγн тартибиндеги маселелерге ѳзгѳртγγ киргизγγ (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат.
18.8. Сессиянын кγн тартибинин долбооруна ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизγγ тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин тѳрага тарабынан сессиянын кγн тартиби жалпысынан кабыл алуу γчγн добушка коюлат, сессиянын кγн тартиби айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат.
18.9. Айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кеңештин тѳрагасынын кол коюсу болгондо гана таркатылат.
19-глава. Сессияга тѳрагалык кылуу
19.1. Айылдык кеңештин сессиясын сессияга тѳрагалык кылуучу алып барат. Сессияга тѳрагалык кылуучу айылдык кеңештин тѳрагасы болуп саналат, ал жокто айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары болот.
19.2. Сессияга тѳрагалык кылуучу тѳмѳндѳгγдѳй укуктарга ээ;
-айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
-маселелерди талкуулоого катышууга; депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу γчγн кайрылууга;
- эгерде депутат Регламенти бузуп жатса, кγн тартибинен башка маселе боюнча сγйлѳсѳ, кемсинтγγчγ сѳздѳрдγ пайдаланса, чыгып сγйлѳѳчγнγ эскертγγгѳ, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сγйлѳѳчγгѳ сѳз бербѳѳ жѳнγндѳ добушка коюуга;
- чечим кабыл алынган учурда кѳпчγлγгγнγн добуш берγγсγ ачыктан-ачык белгилγγ болуп турганда добуштарды саноого убакыт бербѳѳгѳ;
- сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетγγ жана маселеледи чечγγ максатында депутаттар, адистер менен кеңешγγлѳрдγ ѳткѳрγγнγ жγргγзγγгѳ;
- ушул Регламенте бегиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сѳз бербѳѳ, жыйындар залынан чыгарып жиберγγ тууралуу сунуштарды киргизγγгѳ;
- залда ѳзгѳчѳ кырдаалдар , ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3. Сессияга тѳрагалык кылуучу тѳмѳндѳгγлѳргѳ милдеттγγ;
- ушул Регламентти сактоого жана ушул мыйзамга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
- чыгып сγйлѳѳ убактысын камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бγтγп жаткандыгы тууралуу ѳз учурунда эскертγγгѳ;
- сессиянын кγн тартибине ылайык келип тγшкѳн сунуштардын ирети боюнча сѳз берγγгѳ
- сессиянын кγн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
- келип тγшкѳн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
- депутаттардын жазуу жγзγндѳгγ суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар γчγн сѳз берγγгѳ, аларга суроо-жооп, маалымат, билдирγγ, жарандардын кайрылуулары, жарыялар γчγн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-тикирлер, айылдык кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана тγзѳтγγлѳрдγ киргизγγ, добуш берγγнγн тγрγ боюнча чыгып сγйлѳѳ γчγн сѳз берγγгѳ;
- сессиянын протоколун жγргγзγγнγ уюштууруга, айылдык кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
- сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирγγдѳн жана алардын сѳздѳрγнѳ баа берγγдѳн, комментарий жасоодон карманууга;
- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирγγлѳрдγ жана тγшγндγрмѳлѳдγ эске алууга;
- эгерде айылдык кеңештин тѳрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамачы болсо же аны айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордунан боштуу тууралуу маселени айылдык кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берγγгѳ.
20-глава. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети.
20.1. Айылдык кеңештин депутаты тѳмѳндѳгγлѳргѳ укуктуу;
- айылдык кеңештин органдарынын шайлоого жана аларга шайланууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу γчγн маселелерди сунуш кылууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын кγн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизγγгѳ;
- токтомдордуун долборлорун, айылдык кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документерди жана аларга тγзѳтγγлѳрдγ кароо γчγн демилгелѳѳгѳ жана киргизγγгѳ,
- айылдык кеңеш тγзγγчγ туруктуу (убактылуу) комиссиялардын же курамы жана кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилγγчγ кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирγγгѳ;
- айылдык кеңештин тарабынан тγзγлγγчγ органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилγγчγ кызмат адамдарына ишеним кѳрсѳтпѳ жѳнγндѳ маселени коюуга;
- жарыш сѳздѳргѳ катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга тѳрагалык кылуучуга суроолорду берγγгѳ;
- айылдык кенешке отчет берγγчγ органдын же кызмат адамынын айылдык кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле айылдык кеңештин, айыл аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматарын угуу боюнча сунуштарды киргизγγгѳ;
- ѳзγнγн сунуштарын негиздѳѳ менен жана добуш берγγнγн тγрγ боюнча чыгып сγйлѳѳгѳ, маалымат берγγгѳ;
- айылдык кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында айылдык кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирγγлѳрγнγн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
20.2. Айылдык кеңештин депутатты тѳмѳндѳгγлѳргѳ милдетγγ;
- ар бир сессиянын алдында каттоодон ѳтγγгѳ жана сессиянын ишине катышууга;
- Регламенти, сессиянын кγн тартибин жана сессияга тѳрагалык кылуучунун укук ченемдγγ талаптарын сактоо;
- колун кѳтѳрγγ аркылуу сѳз сγйлѳѳнγ суранууга;
- сессияга тѳрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сγйлѳѳгѳ;
- жγрγм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сγйлѳгѳндѳ катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр –баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сѳздѳрдγ колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, кѳзкѳрγнѳѳ жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сγйлѳгѳн сѳздѳрγнѳ баам бербѳѳгѳ, кимдир бирѳѳнγн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербѳѳгѳ;
- сессия учурунда тѳрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетγγгѳ.
20.3. ϴзγнγн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
20.4. Айылдык кеңештин депутаты аны жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал γчγн , анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары γчγн материалдык жактан пайдалуу маселелер кеңештин сессияларында (айыл ѳкмѳтγнγн башчысын шайлоого тийиштγγ маселелерден башка) каралган учурда катышууга жана добуш берγγгѳ тийиш жмес.
20.5. Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн биринин демилгеси менен тѳмѳндѳгγ маселелерди демилгелѳѳгѳ укуктуу;
- ѳздѳрγнγн милдеттерин аткарбаган же тийиштγγденгээлде аткарбаган учурда айылдык кеңештин тѳрагасын, тѳраганын орун басарын мѳѳнѳтγнѳн мурда боштууга;
- айылдык кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
- мурда кабыл алынган жергиликтγγжамааттын уставына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолрду киргизγγгѳ.
20.6. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жγзγндѳ тѳрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар айылдык кеңеш тарабынан же тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тийиштγγ мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жѳнѳтγлѳт, алар айылдык кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мѳѳнѳттѳн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле айылдык кеңештин тѳрагасына билдирγγгѳ милдетγγ.
20.7. Сессияларда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарын жγзѳгѳ ашырылышын жγрγшγ жѳнγндѳ, ошондой эле айылдык кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилγγ маселелери мезгил- мезгили менен маалымдалат.
21-глава. Айылдык кеңештин сессияларына туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына айылдык кеңештин депутатты эмес адамдардын катышуу тартиби.
21.1. Айыл ѳкмѳтγнγн башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле айыл аймагында иш жγргγзгѳн башка кызмат адамдары, айыл ѳкмѳтγнγн аппаратынын кызматкерлери, жергиликтγγ жаамааттын мγчѳлѳрγ, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкγлдѳрγ жана башка кызыктар адамдар айылдык кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
21.2. Жогорудагы аталган адамдар ачык сессияга жана /же анын органынын жыйындарына катышууга нетенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы аларды сессиянын же жыйындын протоколуна каттайт.
21.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а.а.. жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо γчγн тѳрагалык кылуучуга берилет.
21.4. Айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген айылдык кеңештин сессияларына , туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана айылдык кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.
21.5. Айылдык кеңештин тѳрагасы айылдык кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан айылдык кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышыпжаткандары жѳнγндѳ депутаттарга маалымдайт.
21.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдарγчγн жыйындар залында атайын орун бѳлγнѳт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары ѳтγп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, тѳрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын ѳкγлдѳрγкиргизилиши мγмкγн. ϴкγлчγлγк бир кѳчѳдѳн, бир кварталдан, бир уюмдан, бир бирикмеден бир ѳкγл (эки же γч) болушу мγмкγн.
22-глава. Депутаттын жана айылдык кеңештин сессиясына , туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы.
21.1. ϴз ишинде айылдык кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, ѳзγнγн наркын сактай билγγгѳ, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар –намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, айылдык кеңештин, шайлоочулардын жана жалпыснан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирγγлѳрдѳн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары γчүн колдрнууга жол бербѳѳсγ керек.
22.2. Депутат тѳмѳндѳгγлѳрдγ жасоого тийиш эмес;
- айылдык кеңештин саясий максаттар γчγн жана жеке пайда табуу γчγн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
- айылдык кеңештин жабык сессияларында , туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында ѳзγнѳ белгилγγ болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштγγ маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенγγ менен айтылат;
- ѳзγнγн чыгып сγйлѳгѳн сѳздѳрγнѳ чечим мыйзамдуу кγчγнѳ кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жѳнγндѳ айтууга;
- айылыдык кеңештин мγлкγн жеке максаттар γчγн пайдаланууга;
- депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги γчγн кызмат тγрγндѳ сый акыларды алууга.
22.3. Дептаттар, - айылыдк кеңештин сессияларына , туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жγрγм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдетγγ, чыгып сγйлѳгѳндѳ орой, мазактаган сѳздѳрдγ колдонууга, мыйзасыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирѳѳнγн дарегине негизсиз кγнѳѳ жабууга жол бербѳѳгѳ, такууланып жаткан темадан чыгып кетγγгѳ укугу жок.
22.4. Ушул жоболор бузулган учурда сессияга тѳрагалык кылуучу сγйлѳп жатканга эскертγγ берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда тѳрагалык кылуучу чыгып сγйлѳѳчγгѳ сѳз бербѳѳ жѳнγндѳ маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сγйлѳѳгѳ сѳз берилбейт.
22.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сγйлѳчγнγн жана катышуучулардын сѳз сγйлѳѳсγнѳ жана угуп туруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу) , кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берγγ ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
22.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар айылдык кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын тѳрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сѳз, сγйлѳѳ. Билдирγγ жасоо, ѳз пикирин билдирγγ, комментарий жасоо).
22.7. Сессия учурунда залда катышып отургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, тγйγндγк байланыш аппаратарын ѳчγрγп коюуга (же γн чыкпас режимге коюуга) милдетγγ.
22.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга тѳрагалык кылуучу анын жеке ѳзγн эскертет жана тартипке чакырат.
22.9. Айылдык кеңештин сессиясына катары менен жγйѳлγγ себептерсиз катышпаган ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, айылдык кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жѳнγндѳ маалыматтар айылдык кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштγγ чараларды кабыл алуу γчγн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
III. БϴЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ.
23-глава. Айылдык кеңештин сессияларында маселелелерди кароонун тартиби.
23.1. Айылдык кеңештин сессияларында кγн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
23.2. Кγн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын тѳрагасы баяндама менен чыгып сγйлѳйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берγγчγ адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жѳнγндѳ маалымат болсо, анда анын жекекчиси (мындан ары- баяндамачы) чыгып сγйлѳйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне γчγн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
23.3. Айылдык кеңештин депутаты , сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берγγгѳ, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана ооз эки тγрγндѳ сын-пикирлерин жана сунуштарын (ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду) берγγгѳ укуктуу.
23.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын кортундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки тγрγндѳ сын-пикирлери жана сунуштары (ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду) угулат, алар талкууланып добуш берγγгѳ коюулат.
23.5. Талкуу (жарыш сѳз) бγткѳндѳн кийин баяндамачы кортунду сѳз сγйлѳѳгѳ укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берγγнγн тγрγ (ачык, жащыруун) боюнча сунуш берγγгѳ укуктуу.
23.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долборун текстине депутаттардан сунуштар (ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду) келип тγшсѳ тѳрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду) тγшкѳн ирети боюнча добушка коет.
Депутаттардын жалпы санын кѳпчγлγгγ добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп саналат жана токтомдун долборунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санын кѳпчγлγк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
23.7. Токтомдун долбоору добуш берγγ аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добущка коюулат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мγмкγн.
23.8. Айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама –каршы келсе. Депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына киргизγγ укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жѳнѳтγ тууралуу депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
23.9. Такуулоонун жγрγшγндѳ баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирγγ менен тѳрагалык кылуучуга расмий тγрдѳ жазуу же оозеки тγрγндѳ кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат. Каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
23.10. Тѳрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын тѳрагасынын же дептаттардын γчтѳн биринин кем эмесинин сунушу боюнча айылдык кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жѳнγндѳ чечим кабыл алынышы мγмкγн.
Кыскартылган жол-жобого тѳмѳндѳгγлѳр кирет;
- негизги баяндамачынын баяндамасы;
- ар бир депутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
- 5 мγнѳттѳн ашык эмес жарыш сѳз (талкуу);
- баяндамачынын кортунду сѳзγ;
- токтомдун долбоорунун текстине келип тγшкѳн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берγγ;
- токтомду жалпыснан кабыл алуу боюнча добуш берγγ;
24-глава. Айылдык кеңештин сессиялардагы жол-жобо маселелери.
24.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан тѳмѳндѳгγ маселелер кирет;
- сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жѳнγндѳ;
- добуш берγγнγн жолун ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ;
- чыгып сγйлѳѳлѳрдγн кезегин ѳзгѳртγγ жѳнγндѳ;
- кошумча каттоону жγргγзγγ жѳнγндѳ;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сѳздѳрдγ жылдыруу же токтотуу жѳнγндѳ;
- маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ;
- чыгып сγйлѳѳлѳрдγн убактысын чектѳѳ же узартуу жѳнγндѳ;
- кγн тартибинин башка маселелерине ѳтγγ (кайрылып келγγ) жѳнγндѳ;
- сессияда маселелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жѳнγндѳ;
- добуш берγγнγн тγрγн белгилѳѳ жѳнγндѳ;
- маселени кароону кийинки сессияга жылдыруу жѳнγндѳ;
- маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилѳѳ жѳнγндѳ;
- кγн тартибинин маселелерди киргизγγ жана аны алып салуу жѳнγндѳ;
- чыгып сγйлѳѳлѳрдγн жана маселелердин санына чектѳѳ белгилѳѳ жѳнγндѳ;
- суроо жооптордун убактысына чектѳѳ киргизγγ же узартуу жѳнγндѳ;
- каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жѳнγндѳ;
- чакырылган адамдарга сѳз берγγ жѳнγндѳ;
- кγн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга ѳтγγ жѳнγндѳ;
- добуштарды кайра саноо жѳнγндѳ;
- жол-жобого кирген башка маселелер.
24.2. Жол-жобо маселелери боюнча айылдык кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
25-глава. Чыгып сγйлѳѳлѳрдγн тγрγ жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда тѳмѳндѳгγдѳй чыгып сγйлѳѳлѳрдγн жана алардын убактысынын узактыгы каралат;
- баяндама -10 мγнѳткѳ чейин;
- баяндамаларды жарыш сѳздѳрдѳ талкуулоо γчγн – 5 мγнѳткѳ чейин;
- кγн тартибин талкуулоо γчγн -2 мγнѳткѳ чейин;
- талкууланып жаткан маселе боюнча кортунду сѳз γчγн -2 мγнѳткѳ чейин;
- шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сγйлѳѳсγ γчγн -5 мγнѳткѳ чейин;
- талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сγйлѳѳсγ γчγн -3 мγнѳткѳ чейин;
- добуш берγγнγн жγйѳсγ γчγн чыгып сγйлѳѳ γчγн -1 мγнѳткѳ чейин ;
- жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сγйлѳѳ γчγн -1 мγнѳткѳ чейин ;
- сунуштар, маалыматтар, билдирγγлѳр, кайрылуулар γчγн -2 мγнѳткѳ чейин;
- кайталап сѳз сγйлѳѳ γчγн -2 мγнѳткѳ чейин;
25.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен тѳрагалык кылуучу чыгып сγйлѳѳлѳрдγн убактысын –3 мγнѳткѳ чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сѳз сγйлѳѳсγнѳ жол берилбейт.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкерлердин баяндамасы, чыгып сγйлѳѳсγ трибунандан жγргγзлѳт, калган чыгып сγйлѳѳлѳр –трибунандан же олтурган ордунан жγргγзлѳт.
25.5. Депутат жыйында тѳрагалык кылуучу тарабынан ѳзγнѳ сѳз берилгенден кийин гана сѳз сγйлѳйт.
25.6. Сѳз берγγ жѳнγндѳгγ сунуш тѳрагалык кылуучуга жазуу тγрγ, сыяктуу эле, оозеки тγрγндѳ берилет.
25.7. Айыл ѳкмѳтγнγн башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сѳз сγйлѳѳ γчγн кезексиз тγрдѳ сѳз алууга укуктуу.
25.8. Сессияны алып баруунун тартиби , добуш берγγнγн тγрγ, маалымат, тγшγнγк берγγ боюнча сѳз сессияга тѳрагалык кылуучу тарабынан берилиши мγмкγн, анын узактыгы 2 мγнѳттѳн ашпайт.
25.9. Депутаттардын билдирγγлѳрγ жана кайрылуулары кγн тартибинин «Ар кандай маселелерде» каралат. Айылдык кеңештин сессиясынын же тѳрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар кандай маселелерге» 10 мγнѳт убакыт берилиши мγмкγн.
25.10. Кγн тартибинин кезектеги маселесин кароого ѳтγγ же бγтпѳй калган мурдагы бирине кайрылып келүү, ошондой эле кароонун иретин ѳзгѳртγγ сессияга тѳрагалык кылуучу тарабынан жγргγзγлѳт.
25.11. Сессияга тѳрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мγнѳткѳ чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мγмкγн.
25.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мγмкγн болбой калганда тѳрагалык кылуучу 40 мγнѳткѳ чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия ѳз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, тѳрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/ же аны белгилγγ убака же кγнгѳ которуга укутуу.
26-глава. Жарыш сѳз (талкуулоо)
26.1. Тѳрагалык кылуучунун уруксаты жок айылдык кеңештин сессиясында эч кимдин сѳз сγйлѳѳгѳ укугу жок.
26.2.Жарыш сѳзгѳ чыгып сγйлѳѳчγлѳр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сγйлѳѳчγ темадан чыгып кеткен учурда, тѳрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда тѳрагалык кылуучунун чыгып сγйлѳѳчγгѳ сѳз бербѳѳ жѳнγндѳ маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Тѳрагалык кылуучу жарыш сѳздѳрдγ токтотуу тууралуу сунуш келип тγшкѳндѳ депутаттарга чыгып сγйлѳѳнγ каалагандардын, бирок сѳз жетпей калгандардын саны жѳнγндѳ баяндайт, кимиси чыгып сγйлѳѳнγ талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сѳздγ токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сѳз токтотулгандыгына байланыштуу сѳз сγйлѳй албай калган депутаттык топтун ѳкγлγн, депутаттардын тѳрагалык кылуучуга сγйлѳѳчγ сѳздѳрγнγн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу γчγн берγγгѳ укугу бар.
27-глава. Чечим кабыл алуу γчγн кворум.
27.1. Айылдык кеңештин чечимдери тѳмѳндѳгγдѳй кабыл алынат;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добуштары менен;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн эки добуштары менен;
- айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын кѳпчγлγк добуштары менен.
27.2. Депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добуштары менен тѳмѳндѳгγ маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат;
- айылдык кеңештин тѳрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
- айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотуу;
- айыл ѳкмѳтγнγн башчысын шайлоо;
- мыйзамдары , прокуратура тарабынан белгиленген Прездентин жана ϴкмѳттγн ченемдик укуктук актыларын же ѳткѳрγлγп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштγγ деңгээлде аткарбагандыгы γчγн айыл ѳкмѳтγнγн башчысын мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотууга айылдык кеңештин депутаттарынын макулдук берγγсγ;
- жергиликтγγ жамааттын уставын бекитγγ.
27.3. Депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн эки добуштары менен тѳмѳндѳгγ маселер боюнча чечимдер кабыл алынат;
- айылдык кеңештин тѳрагасын ээлеген кызмат ордунан мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотуу;
- айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча айылдык кеңештин мѳѳнѳтγнѳн мурда таркатуу;
- мурда кабыл алынган жергиликтγγжамаатын уставына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ.
27.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын кѳпчγлγк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алнат.
28-глава. Добуш берγγ жана анын тγрлѳрγ.
28.1. Ушул Регламентте добуш берγγнγн натыйжаларын аныктоо γчγн колдонулган тѳмѳндѳгγдѳй тγшγнγктѳр пайдаланылат;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны-21;
- жыйынга катышкандардын саны- ѳткѳн айылдык кеңештин депутаттарынын саны.
28.2. Айылдык кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берγγ жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берγγайылдык кеңештин депутаттарынын кол кѳтѳрγγсγ аркылуу жана тѳрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берγγ) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген γкѳккѳ солуу (жашыруун добуш берγγ) аркылуу жγргγзлѳт.
28.3. Тийиштγγ чечим кабыл алуу γчγн жетиштγγ кворум жок болгондо тѳрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берγγнγ жылдырат.
28.4. Бардык маселелер боюнча добуш берγγнγн жыйынтыгы айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна тγшγрγлѳт.
28.5. Айылдык кеңештин депутаты добуш берγγгѳ ѳзγнγн укугун жеке ѳзγ ишке ашырат. Депутаттын добуш берγγ укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен ѳткѳрγп берγγсγнѳ жол берилбейт.
28.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу γчγн «макул» же «каршы» , болбосо чечим кабыл алууда «калыс» добуш берγγ менен бир добушка ээ.
28.7. Добуш берγγ учурунда жок болгон айылдык кеңештин депутаты добуш берγγ аяктагандан кийин ѳзγнγн добушун берγγгѳ укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берγγгѳ катышпай калышы добуш берγγнγн жыйынтыктарын кайра кароо γчγн негиз болуп саналбайт.
28.8. Добуш берγγнγн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны γзгγлтγккѳ учуратууга укугу жок.
29-глава. Ачык жана жашыруун добуш берγγ.
29.1. Ачык добуш берγγ –ар бир депутаттын жооптун варианттарынын («макул» «каршы») бирѳѳсγ боюнча ѳзγнγн эркин билдирген добуш берγγ ыкмасы.
29.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо тѳрагалык кылуучу тарабынан жγгγзγлѳт.
29.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга тѳрагалык кылуучу чечим кабыл алгандыгын же кабыл албагандыгын жарыялайт.
29.4. Добуш берγγдѳ жол-жоболук ката кетирген учурда (же тѳрагалык кылуучунун катасы) айылдык кеңештин депутаттары добуш берγγ жѳнγндѳ чечим кабыл алышы мγмкγн.
29.5. Жашыруун добуш берγγ- добуш берγγгѳ катышкандардын жашыруун жγргγзγлгѳн добуш берγγ ыкмасы, бул учурда жооптордун вариянттарынын («макул» «каршы» «калыс») бири боюнча
добуш берγγчγнγн эркин контролдоо жокко чыгарылат.
29.6. Жашыруун добуш берγγ милдетγγ болгон маселелер, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берγγ жγргγзγлѳт.
29.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берγγ , бюллеттендерди толтуруу аркылуу ар бир жеке ѳзγ тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын ѳз эркин жашыруун билдирγγнγ камсыз кылган атайын кабинада толтуруп, эсептѳѳ комиссиясы мѳѳр басып бекиткен добуш берγγчγ γкѳккѳ салынат.
30-глава. Эсепѳѳ комиссиясынын иши.
30.1. Жашыруун добуш берγγнγ ѳткѳрγγ жана анын натыйжаларын белгилѳѳ γчγн айылдык кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берγγ менен эсептѳѳ комиссясынын мγчѳлѳрγн шайлашат, эсептѳѳ комиссияларынын мγчѳлѳрγ так сандардан турат.
30.2. Эсептѳѳ комиссиясы ѳзγнγн курамынан эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептѳѳ комиссясынын мγчѳлѳрγнγн ортосундагы милдеттерди бѳлγштγрѳт. Эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасын, катчысын шайлоо жѳнγндѳ, ошондой эле мγчѳлѳрγнγн ортосундагы милдеттерди бѳлγштγрγ тууралуу эсептѳѳ комиссиясынын чечими жана мγчѳлѳрγнγн кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушушу менен бекитилет.
30.3. Жашыруун добуш берγγ γчγн бюллетендер айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептѳѳ комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берγγ γчγн бюллетенде «макул» , «каршы» , «калыс» жеген жооптордун вариаттары турат. Эсептѳѳ комиссиясынын мγчѳлѳрγ бюллеттендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
30.4. Эсептѳѳ комиссиясы жашыруун добуш берγγ γчγн кабинаны орноту менен депутаттар ѳз эркин жашыруун билдирγγ γчγн шарттарды тγзѳт.
30.5. Добуш берер алдында эсептѳѳ комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттрынын катышуусунда добуш берγγчγ γкѳктγ бекитет.
30.6. Депутат жашыруун добуш берγγ γчγн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берγγ γчγн бюллетендерди берγγ ведомостундагы ѳзγнγн фамилиясынын тушуна кол коет жана жашыруун добуш берγγ γчγн кабинага кирет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берγγчγ γкѳккѳ бюллетенин таштайт.
30.7. Добуш берγγ бγткѳндѳн кийин эсептѳѳ комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесγγ аркылуу жок кылынат.
30.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле
депутаттардын эркин билдирγγнγ аныктоого мγмкγн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
30.9. Жашыруун добуш берγγнγн натыйжалары жѳнγндѳ эсептѳѳ комиссиясы протокол тγзѳт, ал эсептѳѳ комиссиясынын бардык мγчѳлѳрγ тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы аны жарыя кылат.
30.10. Эсептѳѳ комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга тѳрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берγγнγн жыйынтыктары жѳнγндѳ протокол айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
31-глава. Кабыл алынган токтомдордун кγчγнѳ киришинин тартиби.
31.1. Айылдык кеңештин катчысы: баяндамачы менен биргеликте айылдык кеңештин чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алган токтомду ал кабыл алган кγндѳн баштап 10 жумушчу кγндγн аралыгында жол-жоболоштурат.
31.2. Айылдык кеңештин тѳрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган кγндѳн баштап 10 жумушчу кγндγн аралыгында кол коет.
31.3. Документи жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мγнѳздѳгγ тγзѳтγγлѳрдγ кошпогондо , ага оңдоо киргизγγгѳ жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунун мазмундук бѳлγгγнѳ оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы γчγн жоопкерчиликке тартылат.
31.4. Айылдык кеңештин токтому кγчγнѳ кириши γчγн расмсий жарыяланууга тийиш:
- айыл аймагына кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен айылдык кеңеш ѳзγ аныктаган тийштγγ басма сѳз басылмасында;
- айылдык кеңештин расмий веб-сайтында;
31.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекттик жана/же расмий тилдерде жγзѳгѳ ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
31.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык кѳргѳн басылма жарыкка чыккан кγн эсептелинет.
31.7. Эгерде токтомдун ѳзγндѳ башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган кγндѳн баштап он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет. Ишкердик ишти жѳнгѳ салган токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып он беш кγндѳн эрте эмес кγчγнѳ кирет.
31.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоону тѳмѳнкγ реквизиттерди кѳрсѳтγγ менен айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жѳнγндѳ журналга жазып тγшγрγγ аркылуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат:
- актынын тγрγн кѳрсѳтγγ;
- ошол ченемдик укуктук актыны жѳнгѳ салуу предметин билдирген аталыш:
- кабыл алыган жери жана датасы;
- каттоо номери;
31.9. Расмий жарыяланган кγнγ айылдык кеңештин токтомунун кѳчγрмѳсγ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бѳлγмγнѳ эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук тγшγрмѳлѳрдѳ жарыяланган булагын кѳрсѳтγγ менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизγγ γчγн жѳнѳтγлѳт.
31.10. Айылдык кеңештин токтомунун кѳчγрмѳсγ кабыл алынган чечимдер жѳнγндѳ коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу γчγн айыл аймагынын маалымат илинγγчγ тактайларына милдеттγγ тγрдѳ жайгаштырылат.
32-глава. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколдору.
32.1. Айылдык кеңештин сессияларында туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протоколдор жγргγзγлѳт, ага катар номер берилет.
32.2. Сессиялардын протоколдорун жγргγзγγ жана жол-жоболоштуруу протоколдору жγргγзγγ жана сактоо γчγн жооптуу болгон айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жγгγзγлѳт.
32.3. Протоколдун тексти киришγγ жана негизги бѳлγктѳрдѳн турат:
- айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколдорунун киришγγ бѳлγгγндѳ номери , датасы , ѳткѳрγлгѳн убактысы жана орду; айылдык кеңештин чакырылган жылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катыщкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын кѳрсѳтγγ менен кγн тартиби, эгер тγзγлгѳн болсо эсептѳѳ комиссиясынын курамы чагылдырылат;
- негизги бѳлγгγндѳ сессияны алып баруунун жγрγшγ, каралган маселелер , баяндама менен чыгып сγйлѳѳгѳндѳр жана жарыш сѳзгѳ чыгып сγйлѳѳгѳндѳр , добушка коюлган маселелер жана сунуштар , аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берγγнγн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жγрγшγндѳ берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
32.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарын баш тамгасын кѳрсѳтγγ менен, башка адамдардын - фамилияларын ,аттарын, атасынын аттарын баш тамгасын кѳрсѳтγγ менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин кѳрсѳтγγ менен коштолот. Жергиликтγγ жамааттын мγчѳлѳрγ катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери кѳрсѳтγлѳт.
32.5. Сессиялардын протоколу сессиянын иши аяктаганда кийин 5 жумушчу кγндѳн кеч эмес жол-жоболош турулат, ага айылдык кеңештин тѳрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 10 жумушчу кγндѳн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын тѳрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат.
32.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун кѳчγрмѳлѳрγ ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыктар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун кѳчγмѳлѳрγн берет, алардан кѳчγрγп алууларды жγргγзѳт.
32.7. Айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жγргγзγлγшγ мγмкγн, алар айылдык кеңештин депутаттары γчγн жеткиликтγγ болот.
32.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын тγп нускалары айылдык кеңештин катчысында сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору , алардын тиркемелери тийиштγγ айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мѳѳнѳтγнγн аралыгында сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
32.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
33-глава. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо.
33.1. Токтомдо анын жγзѳгѳ ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
- жалпысынан токтом же анын пункуктарын же колдонууга киргизилишин конкретγγ мѳѳнѳттѳрγ жана жолдору;
- токтомду жγзѳѳгѳ ашыруу боюча органдарга жана кызмат адамдарына конкретγγ тапшырмалардын, айыл ѳкмѳтγнγн жана тγзγмдγк бѳлγмдѳрγнγн (зарылчылыка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этγγ чараларынын кабыл алынышы, айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын актыларынын айылдык кеңешинин токтомдоруна ылайык келтирγγ;
-аны аткаруу γчγн мѳѳнѳттѳр белгиленет.
33.2. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо кѳрсγтγлгѳн тапшырмаларды аткаруу жγктѳлгѳн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жγктѳлгѳн кызмат адамы же орган кѳрсѳтγлѳт.
33.3. Токтомдун аткарылышынын жγрγшγ жѳнγндѳ маалымат угулгандан кийин , айылдык кеңеш тѳмѳндѳгγлѳргѳ укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу:
- аткарылган катары токтомдун айырым пункттарын контролдон алып коюу:
- ошол токтом боюнча аткаруу мѳѳнѳтγн жылдыруу;
- башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жγктѳѳ:
- токтомду жокко чыгаруу;
- токтомго ѳгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ;
- кошумча токтомду кабыл алуу.
33.4. Контролдоо боюнча отчеттун мѳѳнѳтγ токтомдун ѳзγндѳ кѳсѳтγлѳт. Айылдык кеңештин тѳрагасы токтомдун аткарылышы γчγн контрол жγктѳлгѳн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жγрγшγ жѳнγндѳ маалымат берγγнγ тапшырууга укуктуу.
IV БϴЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ
34-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери
34.1. Айылдык кеңештин норма чыгаруу иштери тѳмѳндѳгγ принциптерде жγгγзγлѳт:- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун:
- мыйзамдуулуктун;
- негиздγγлγктγн;
- максатка ылайыктуулуктун;
- акыйкатчылыктын.
34.2. Айылдык кеңеш ѳзγнγн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.
34.3. ϴзγнγн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймагында жашаган бардык жарандар , мамлекеттик бийликтин аймактык органдары , ошондой эле менчигинин тγрγнѳ карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар жана мекмелер тарабынан аткарууга милдетγγ.
34.4. Айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Кѳчγрмѳсγ маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
35-глава. Айылдык кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тариби.
35.1. Айылдык кеңештин токтомун текстин жол-жоболоштуруунун тариби жана тγзγмдγк элементтери, айылдык кеңештин токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ, толуктолорду киргизγγнγн тартиби, аны кγчγн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
36-глава. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизγγнγн тартиби
36.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизлүүчу документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча айылдык кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы даярдаган долбоору;
- токтомдун долбооруна маалымкат - негиздеме (маалымат);
- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда;
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын кортундусу же чечими;
- токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөр, уюмдар, мекмелер, ишканалар , жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
- экспертиза жүгүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик кортундулар.
36.2. Айылдык кеңештин токтому малекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.
36.3. Регламенттин жана “ Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору бекитилген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берүүлүгө жатат.
36.4. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
- беттин оң жактагы жогорку бурчуна “Долбоор” деп жазылат;
- “Долбоор” деген сөздүн алдына долборду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көсрсөтүлөт;
- төмөнүрөөктө , беттин ортосунда документтин аталышы берилет “___________________АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ” ;
- андан ары “Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30- беренелеринде белгиленген талаптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
- органдарда жана\же адамдарына конкереттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
- токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана \же органга контроль жүтөлөт;
- токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
36.5. Токтомдун долбоорунун маалыматкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтыр каталууга тийиш;
- ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
- кабыл алынган токтомдон кийинки болжомолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
- эгер ал өткөрүлсө , коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
- мыйзам долборунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
- эгерде токтомду ишке ашыруу боюча зарыл финансалык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
36.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору , ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбору айыл өкмөтүнγн, айылдык кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, айылдык чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
36.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат. Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долборуна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунушар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат. Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалыматкат- негиздемеде чагылдырылат.
36.8. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
36.9. Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен карыжлоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
V БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ