Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2018-жылдын 26-майы № 19/3
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылындагы “Ак Нур” балдар бакчасын жайкы каникулга чыгаруу жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилов Баймамат Абылкасымовичтин Нура айылындагы “Ак Нур” балдар бакчасын жайкы каникулга чыгаруу жөнүндөгү билдирүүсүн тактап,талкуулап,
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайлоо мезгилинде Нура айылындагы “Ак Нур” балдар бакчасында тарбиялануучу балдардын дээрлик бардыгы, б.а. балдардын 90% дан жогорку бөлүгү, ата-энелери менен жайлоого кеткендигине байланыштуу балдар бакчасына 2018-жылдын 1-июнунан 2018-жылдын 1-сентябрына чейин жайкы каникул берилсин.
2. Жайкы каникул мезгилинде балдар бакчасын тамак-аш менен жабдууну токтотуу,мыйзам чегинде эсеп жүргүзүү балдар бакчасынын директору Ж.С.Ниязовага,айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Үсөн уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилов Баймамат Абылкасымовичке милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныбек уулу Талгат |