ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 27-июлу № 2-5
Ак-Жол айыл өкмөтүнө Бюджеттик ссуда берүү жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №29-3 токтомунун негизинде Хельветас Свисс Интеркорпорейшн Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан каржыланып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору алкагында МАКтын “Ички жолдорду жакшыртуу” долбооруна өздүк салым үчүн бөлүнгөн 350,0 сом акча каражатын Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бюджеттик ссуда катары которуп берүү жөнүндө түзүлгөн Жобону бекитип боюнча айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.”Ички жолдорду жакшыртуу” гранттык долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында берилүүчү 350,0(үч жүз элүү миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бюджеттик ссуда катары берүү жөнүндө түзүлгөн Жобо бекитилсин.
2.Бюджеттик ссуда берүү боюнча тиешелүү иш кагаздардын пакетин атайын жобого ылайык даярдоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нө милдеттендирилсин.
3.Бюджеттик ссуда берүү боюнча Ак-Жол айыл өкмөтү менен келишим түзүү жана түзүлгөн келишимди мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөндүрүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |