ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 27-июлу № 2-7
Жерге-Тал айыл өкмөттүн регламентин бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан түзүлүп, колдонууга берилген Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн регламентин айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл өкмөттүн регламенти менен иштөө жагы айыл өкмөт кызматкерлерге жүктөлсүн.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Абылкасымовага тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |