АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 1
Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнундө
Ак-Жол айыл айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Султамуратовдун өз арызына негиз айылдык кеңештин төрагасы кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Айылдык кеңештин төрагалыгына талапкер Алыбаев Жалынбек Самарбекович өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасы деп табылсын.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Алыбаев. |