Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

 

2021-жылдын 9-июлу № 3

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-2023-2024-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоору №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалыга жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

   Ж.Алыбаев