СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VӀ сессиясы
2021-жылдын 1-октябры №6/1
Семиз-Бел айылындагы,токой чарбасынын жерлерине, айыл чарба багытындагы жерлерге алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине,Токой кодексинин 21-беренесине ылайык, жер турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айылындагы,токой чарбасынын 240 жана 249-контурундагы 24,1гектар жерлерин, Семиз-Бел айылындагы,айыл чарба жерлеринин 2-кварталынын жанындагы 59-контурундагы 24,1гектар жерине алмаштыруу КРнын мыйзамдарынын чегинде карап,ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнө сунушталды деп табылсын.
2. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилгендиги белгиленсин
Төрага: | Б.Намазбек уулу |