Редакцияот 01.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VӀ сессиясы

2021-жылдын 1-октябры №6/2

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айылынан таштанды таштоо үчүн жер берүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин,3-пунктуна жана 3-пунктун биринчи абзастына ылайык,жер турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.  Ак-Кыя айыл өкмөтүнө таштанды таштоо үчүн,ижарага жер берүү боюнча,мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилгендиги белгиленсин.

 

2.  Жерди ижарага берүүнүн бир жылдык акысы 200 000 (эки жүз миң) сомго,бир жылдык мөөнөт менен келишим КРнын мыйзамдарынын негизинде түзүү,айыл өкмөтүнө милдеттендирилди деп табылсын.

3.  Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилгендиги белгиленсин

 

Төрага:

Б.Намазбек уулу