АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 1
Арал айыл аймагынын социалдык –экономикалык абалын жакшыртуу, өнүгүүсүн камсыздоо жана инвестиция тартуу жөнүндө
Арал айыл аймагынын социалдык –экономикалык абалын жакшыртуу, өнүгүүсүн камсыздоо, инвестиция тартуу, элдерди иш менен камсыз кылуу максатында Арал айыл өкмөтүнүн сунушун, күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын VI- сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл аймагындагы №252 контурундагы асылдуулугу төмөн мелиоративдик даярдыктагы жалпы 20,0 га жер аянттын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу мыйзамдык нормаларга ылайык жүргүзүлсүн жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Арал айыл аймагындагы №252 контурдагы асылдуулугу төмөн мелиоративдик даярдыктагы жалпысы 20,0 га жер аянттын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча жогорку органдарга кайрылуу, зарыл документтерди даярдоо Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Т.Оморов |