Редакцияот 7.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы

 

2024-жыл 7-май №2

 

“Жалал-Абад шаардык кеӊештин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө”

           

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/1948 сандуу катты, социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңештин кезектеги XLII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаардык кеӊештин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын №6-токтомунун 1-тиркемесиндеги Достук муниципалдык аймактык башкаруусунун башчысы А.Баймуратова комиссиянын курамынан чыгарылып, комиссиянын курамы төмөнкүлөр менен толукталсын:

-Раимжанов Алмазбек Алишерович-Достук муниципалдык аймактык башкаруусунун башчысы;

-Шайбеков Кыязбек Жаныбекович-Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусунун башчысы;

-Азимов Равшанбек Гапарович- М.Т. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбаев