Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

2020-жылдын 29-декабры № 29/6

      Келишимди бекитүү жөнүндө 

               Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишимди бекитип берүү сунушун карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык сессия токтом кылат:

1. Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишим бекитилсин.

2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Момуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Шакиев