Редакцияот 08.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

2021-жылдын 8-февралы № 30/1

                  Аксы райондук прокуратурасы тарабынан кайтарылган жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Жалал-Абад областынын Аксы районунун прокуратурасынын 2021-жылы  1-февралындагы №11/1-4-141-21 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушунун четтетүү жөнүндөгү талабына жана Жерге-Тал айылдык Кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын                                         4 февралындагы  “ Ы.Матраимовго берилген 1000 кв.м. жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү”  корутундусун карап жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат:

 

     1.Жерге-Тал айылынын Ч.Багышбеков көчөсү менен Кербен – Авлетим автожолунун кесилишинин түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ы.Матраимовдун наамына берилген 1000 кв.м. (0,10 га) жер аянты Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине кабыл алынсын.

 

    2.Жер аянттын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жагы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жана жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.

 

     3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

      4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К. Шакиев