Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 2

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруу үчүн элден жыйылуучу төлөмдөрүнүн 2022-жылга тарифин бекитүү жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын элден жыйылуучу таштанды чыгаруу үчүн төлөмдөрүнүн 2022-жылга тарифин бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тазалык” МИ элден жыйылуучу таштандыларды чыгаруу үчүн төлөмү төмөнкү тарифте бекитилсин:

- 1 айга ар бир кожолук үчүн -25 (жыйырма беш) сом.

2. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө “Тазалык” МИ жетекчиси С. Сүюмкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева