Редакцияот 7.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы

 

2024-жыл 7-май №5

 

“Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №7а жана №7-1 дарегинде жайгашкан жер тилкелерин имараты менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга жана алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалыдк менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 23.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2073 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү №7 а жана №7-1 даректеринде жайгашкан 36840 чарчы метр жер аянтын, Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансындагы мүлктөрдү №1-тиркемеге ылайык “Айти” жана “Салы-Аке” жабык акционердик коомдоруна алмаштырууга макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

.

 

 

Төрага:

Н.Орозбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги

XLII сессиясынын №5-токтомуна

№1-тиркеме

 

1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгындагы төмөнкү жер участкаларды, турак эмес жайларды, өндүрүш объектисинин жер участкалары менен өткөрүп берилүүчү мүлктөрдүн тизмеси:

 

1) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектиси 3-4 д №117ж №10 кварталы дарегинде жайгашкан жер участкасын 2200,0 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-040004-1354);

 

2)       Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектиси №176ж №10 кварталы дарегинде жайгашкан жер участкасын 1800,0 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-040004-1353);

 

3) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектиси №278ж №10 кварталы дарегинде жайгашкан жер участкасын 427,0 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1875);

 

4) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектиси № жок №10 кварталы дарегинде жайгашкан жер участкасын 817,0 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1825);

 

5) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №3-3, үй №7 дарегинде жайгашкан жер участкасын 22,0 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1882);

 

6) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №3-3, үй №9 дарегинде жайгашкан жер участкасын 1193 чарчы метр аянты менен (идентификациялык номери 3-10-04-0004-1829);

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы

О.Эшенкулов